whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыМамлекет башчысы Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапары менен барат

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапары менен барат

         Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги иш чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко иш сапары менен бара турганы кыйыр белгилүү болду. 22-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги иш чаралары башталып, 30-сентябрга чейин уланат. Бир жагынан мааракелик, экинчи жагынан дүйнө калкы туш болгон проблемалардын татаалдыгы бул жолку сессиянын өзгөчөлүгүн шарттап турганы түшүнүктүү.

БУУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жана өкмөт жетекчилеринин деңгээлиндеги биринчи жыйын “Бирге иштөө: тынчтык, өнүгүү жана адам укуктары үчүн 80 жыл биргелешкен иш жана алга карай жол” девизи астында өтмөкчү. БУУнун тузүлгөндүгүнүн 80 жылдыгындагы чоң жыйында глобалдык уюмдун принциптеринин сакталышы, согуш деп аталбай жүрүп жаткан согуштарды токтотуу, адамзат өзү жараткан оор көйгөйлөр талкууланып, талылуу маселелер боюнча орток пикирге келүү аракети көрүлүшү керек. Дүйнөлүк тартипке доо кетип, эл аралык мыйзамдар, БУУнун Уставындагы айрым жоболор кай бир субъекттер тарабынан жетиштүү сакталбай тарган чакта адамзат умтулган тынчтыкты көздөгөн дүйнөлүк уюмга мүчө мамлекеттер орток пикирге келүүсү кажет. Күн тартиби да ошол маселелерге арналганы көрүнүп турат.

24-сентябрда Башкы катчынынын эгидасы алдында өтүучү бийик деңгээлдеги конференцияда Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясынын аткарылышы талкууланат.

25-сентябрда жасалма интеллектти инклюзивдүү башкаруу маселелерине арналган жогорку деңгээлдеги кеңешме өтөт.

Андан тышкары Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттары аталган глобалдык планды жүзөгө ашыруу боюнча кеңири талкуу болот.

Айрым булактардын маалыматына ылайык, улут лидери Садыр Жапаров иш сапары учурунда бийик деңгээлдеги конференцияларга жана жыйындарга катышып, сөз сүйлөө менен чектелбейт. Мамлекет башчысы эл аралык актуалдуу маселелер боюнча бир катар демилгелерди көтөрүп, жаңы идеяларды да сунуштайт. Андан тышкары, Президент Нью-Йоркто эки тараптуу маанилүү жолугушууларды да өткөрө турганы болжолдонууда.

Коңшулардан Казакстьандын президенти К. Токаев да Башкы Ассамблеянын иш чараларына катышаарын “Егемен Казакстан” газетасы жарыялады.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар