Аймакты өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары
Ат-Башы району климаттык шарты оор региондордон болгону менен, географиялык жайгашуусу, жер, жаратылыш жана башка ички ресурстары боюнча стратегиялык жактан абдан келечектүү өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар регион. 2024-жылы райондун 2024-2029-жылдарга социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү программасы кайрадан толукталып иштелип, бекитилди. Программанын алкагында региондун өнүгүү приоритеттери, негизги индикаторлору аныкталды, алар: Айыл чарба тармагы (7 кластерден турат); өнөр жай тармагы (тоо кен, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика ж.б); туризм; соода тармагы жана тейлөө тармагы. Акыркы жылдарда жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын натыйжасында райондун экономикасынын структурасы олуттуу өзгөрүүгө максат алды. Ат-Башы ишкерлер ассоциациясы түптөлүп, ар бир кластер, экономикалык багыттар боюнча ишкерлердин жаңы катмары, жамааттары пайда болуп, келечектүү кадамдар, аракеттер колго
алынууда.
Райондун 2024-2029-жылдарга стратегиялык өнүгүү программасын иштеп чыгууда ишкерлер, коомчулук менен региондун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн терең талдап чыкканда Ат-Башы району абдан келечектүү өнүгүү дарамети бар регион экендигине ынандык. Улуу Кытай мамлекети менен чектеш, Улуу Жибек-Жолунун башаты болгон эл аралык соода каттамынын артериясы өткөн Ат-Башы районунда Соода логистика борборунун курулушу регионду Евразия чөлкөмүндөгү ири соода, өнөр жай зонасынын ордосуна айлануусуна жол ачууда. Бул долбоордун алкагында жаңы инновациялык технологиялардын келүүсү күтүлүүдө.
Ат-Башы району тоо-кен ресурстарына бай. Алтын, мрамор, гранит, көмүр кендери өндүрүшкө пайдаланууга жетишүү мерчемделүүдө. 2025-жылы тоо-кен өндүрүшү ишке
киргизилет.
Өнүгүүнүн көрсөткүчү
2024-жылы жалпы регионалдык дүң продукция 7,8 млрд. сом болуп, 2021-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге өскөн. Регионалдык дүң продукциянын структурасынын 79,6% айыл чарбасы, 2,1% өнөр жай тармагы, 12,7% калкка кызмат көрсөтүү, 5,5% капиталдык салым түзөт.
Айыл чарба дүң продукциясы 2024-жылы 6,2 млрд. сом болуп, 2021-жылга салыштырмалуу 135,1%ды, 167 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, 2021-жылга салыштырганда 229,4 %га, калкка акы алып кызмат көрсөтүү 2024-жылы 1 млрд. сом болуп 2021-жылга салыштырмалуу 250,5%га өсүш берген. Ал эми негизги капиталдык салымдар 2024-жылы 436 млн. сом болуп, 2021-жылга салыштырмалуу 312,7%га, чекене соода жүргүзүү 2024-жылы 2,7 млрд. сом болуп, 2021-жылга салыштырмалуу 170,6%га көп аткарылган.
Жергиликтүү бюджет 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча атайын каражаттар менен 291 млн. сомго план бекитилсе, 32 млн. сомго ашык аткарылып, 112,5%ды түзгөн. Максаттуу трансферттер 33 млн. сом болуп 100 %га аткарылган. 2024-жылы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда жалпы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн божомол план-тапшырмасы 153 млн. сомду түзсө, 160 млн. сомго аткарылып, план-тапшырма 104,8%га аткарылган. Мунун ичинен жергиликтүү бюджеттин план-тапшырмасы 93 млн. сом болсо, 100 млн. сомго аткарылып, план-тапшырма 107,8%га аткарылган. Ал эми республикалык бюджетке берилген план-тапшырма 59 млн. сомду түзсө, аткарылганы 60 млн. сом болуп, план-тапшырма 100,1%га аткарылган.
Ишке кирген объекттер
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата жаңы ачылган 100 объектиден Ат-Башы районунда 6 жаңы объект ишке киргизилди, алар: “Ат-Башы эт комбинаты” топоздун, уйдун, жылкынын этинен тушенка чыгарып, КРнын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, камсыздай баштады. Азыркы учурда, суткасына 3-5 тонна этти кайра иштетүү кубаттуулугу бар. 17 адам туруктуу иш менен камсыз болду. Кара-Булак участогунда Ат-Башы соода логистика борборунда 8 ишкана каттоодон өттү. Ат-Башы айыл өкмөтүндө таштанды иштетүү заводу; Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектеби; Өзгөрүш айылындагы С.Райымбеков атындагы орто мектебинин спорт залы; Ат-Башы айылындагы райондук Б.Кыдыкова атындагы моделдик-инновациялык китепкана.
Чакан ГЭСтерди куруу, жумуш орундарын түзүү
Регион гидроэнергетикалык потенциалга ээ. Үч-Суунун куйганына, Ат-Башы дарыясына жана башка кичи сууларга ири жана чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүктөрү бар. Учурда, Ак-Муз айылында алгачкы 1,5 мВт ГЭСинин курулушу жүрүүдө, үстүбүздөгү жылы ишке берилет. Ошондой эле, Баш-Кайыңды айылында дагы 1мВттык жаңы ГЭСтин курулушу башталганы турат.
Акыркы жылдары райондо чакан орто бизнес жанданып, ишкердүүлүктүн жаңы катмары пайда болууда. Чакан тигүү цехтери, тейлөө, соода борборлору, курулуш материалдарын өндүрүүчү цехтер, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү чакан өндүрүштөр, фермерлер уюшулуп, жаңы жумуш орундар түзүлүүдө. 2022-2024-жылдар аралыгында 81 жаңы ишкана уюшулуп, 322 жаңы жумуш орундар түзүлдү. Анын ичинен 2022-жылы 32 ишкана, 117 жумуш орун, 2023-жылы 27 жаңы ишкана, 67 жумуш орун. Ал эми 2024-жылы 22 жаңы ишкана, 138 жумуш орун ачылды. 2025-жылга 28 жаңы ишкана, 200дөн ашуун жаңы жумуш орундарды түзүүнү максаттап жатабыз. Анын ичинен 50 орундуу 3 тигүү цехи, 1 тоо-кен ишканасы, 3 соода борборлору, 2 мейманкана, 1 ГЭС жана башка бир нече дол-боорлор ишке ашырылмакчы.
Райондун инфраструктурасын жакшыртуу
Ат-Башы районунун инфраструктурасындагы өзгөчө көйгөйлүү маселе – бул жол байланышы жана көпүрөлөр болуп келген. Акыркы үч жылда жалпы айыл аралык жана ички 31 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Тактап айтканда, 2022-жылы 10,0 чакырым, 2023-жылы 8,5 чакырым, ал эми 2024-жылы 12,5 чакырым. Алар: Ача-
Кайыңды – Баш-Кайыңды – Большевик, Калинин – Жаңы-Күч, Кызыл-Туу – Казыбек, Терек-Суу – Ача-Кайыңды жана башка ички жолдор. Ал эми 2025-жылы Баш-Кайынды – Өзгөрүш, Ат-Башы – Ак-Муз – Чар багытындагы жолдорго асфальт басуу мерчемделүүдө. 2021-2024-жылдар аралыгында райондун аймагында 3 көпүрө реконструкциядан өткөрүлүп (Көк-Кыя, Көк-Күмбөз жана Ача-Кайыңды көпүрөлөрү) 2 жаңы көпүрө курулду (Жаңы-Күч жана Жаңы-Жер). Учурда райондун өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон стратегиялык Талды-Суу – Ак-Муз көпүрөсүнүн долбоору иштелип чыгып, долбоор экспертизадан өткөрүлдү.
Райондун туризм тармагынын келечектүү потенциалын жана Улуу Жибек-Жолунун негизги тутумунда жайгашкандыгын эске алуу менен региондун инфраструктурасын заманбап архитектура менен өнүктүрүү өзөктүү маселенин бири. 2024-жылы райондун борбордук аянты заманбап архитектура менен курулуп, жаңыланды.
2025-жылы “Улуу-Тоо мурасы” паркынын курулушу улантылат. Ошондой эле, райондун сыймыктанар архитектурасы болгон “Аттын башы” скульптурасынын айланасы жаңы архитектура менен курулуп жаңыланат. Райондук автобекеттин жаңы архитектуралык долбоору (39,0 млн. сомдук) иштелип чыгып, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине сунушталган. Терек-Суу айылында “Апсамат аллеясы” курулуп, ишке берилүү алдында турат. Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылындагы эс алуу аллеялары жана Баш-Кайыңды айылында генерал Д.Асанов атындагы аллея курулуп, жаңыланмакчы.
Оңдолгон жолдор. Жарыктандыруу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 2022-2024-жылдар аралыгында ички жолдорго жалпы 87 чакырым шагыл төшөлдү. Тактап айтканда, 2022-жылы 27 чакырым, 2023-жылы 31 чакырым, ал эми 2024-жылы 29 чакырым жолго шагыл төшөлүп жашоочулардын пайдалануусуна берилди.
Акыркы жылдары 11,1 чакырым жолго заманбап жарыктандыруу орнотулду. Тактап айтканда, райондун борбору болгон Ат-Башы айылынын борбордук көчөсүнө 4,5 чакырым эки тараптуу, Ал эми Баш-Кайыңды, Ача-Кайыңды жана Ак-Муз айыл-
дарына 6,6 чакырым жарыктандыруу курулду. Унаалардын мал жандыктар менен болгон кырсыктарын алдын алуу максатында 2025-жылы Ат-Башы айылынан Бишкек – Торугарт эл аралык унаа жолуна чейинки 6,0 чакырымга түнкү чырактар орнотулат. Ушундай эле жарыктандыруу Кара-Суу айылына дагы орнотулат. Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасы тарабынан 2022-2024-жылдары 10 кВ аба чубалгысынан 136,8 чакырым, 0,4 кВ аба чубалгысынан 97,5 чакырым капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Ал эми электр чордондор боюнча 2022-2024-жылдар аралыгында 110 трансформатор ремонттон өткөрүлүп, 23 даана жаңы трансформатор орнотулган.
Электр энергиясын керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шартында энергетикалык кубаттуулуктарды жогорулатуу колго алынууда. Тактап айтканда, 110/35 Ала-Тоо көмөк чордонунда 10 000 кило вольт ампер күчтүк көмөк чордону 25 000 кило вольт амперге алмаштырылды. Ал эми 2025-жылы 1-Май айылына 35 кВт подстанциясынын курулушу башталууда.
Агрардык тармакты өнүктүрүүгө кластердик кадам
Ат-Башы районунун эң бир баалуу, стратегия-лык ресурсу бул – жер ресурсу. Жайыт, айыл чарба жерлери. Учурда агрардык тармакты өнүктүрүүдө кластердик өнүгүүгө кадам алдык. Алар: эт, сүт, бал, балык, мөмө-жемиш (чычырканак, карагат), дары чөптөр, картошка. Пайдаланылбай жаткан жер ресурстарын алганда, ар бир кластер боюнча эбегейсиз ири дараметтүү, келечектүү мүмкүнчүлүктөр бар.
Климаттык шарты оор, жергиликтүү калк негизинен мал чарбачылыгы жана талаачылык менен алектенип келишет. Кыш узак, жай мезгили кыска болгондуктан көпчүлүк өсүмдүктөр өсүп жетиле албай калат. Ошого карабастан дан эгиндеринен арпа, сулуу, эспарцет, картошка, жашылча айдалат. Акыркы 2-3 жыл аралыгында айыл чарба тармагынын структурасын өзгөртүүгө, чарба жүргүзүүнүн кирешелүү жаңы багыттарына аракеттер көрүлүүдө. Район органикалык аймак статусун алып, органикалык айыл чарбага багыт алып, 7 кластердик багытта иш алып баруу колго алына баштады. 2021-жылы Ат-Башы районунда айыл чарба тармагында 4,8 млрд. сомдук ички дүң продукция өндүрүлсө, 2024-жылы 6,3 млрд. сомдук ички дүң продукция өндүрүлгөн, же 1,6 млрд сомго көбөйгөн. Райондо жазгы талаачылык жумуштары 2021-жылы жалпы 6898 га жер иштетилген болсо, 2024-жылы жалпы 83964 га жер айдалып, 1466 га көп айдалган.
2021-жылдын 1-январына карата ири мүйүздүү малдын саны 44385 баш болсо, 2025-жылдын 1-январына карата 50988 баш болуп, 6603 башка көбөйгөн. 2021-жылдын 1-январына карата кой-эчкилердин башы 254232 баш болсо, 2025-жылдын 1-январына карата 270196 баш болуп, 15964 башка көбөйгөн. 2021-жылдын 1-январына карата жылкы 31025 баш болсо, 2025-жылдын 1-январына карата 35187 баш болуп 4162 башка көбөйгөн. Негизинен дыйкандар асыл тукум малга басым жасашып, жыл сайын
асыл тукум малдын саны артып келүүдө. Атап айтсак, “Абердин Ангус” уй 120 баш, “Монбельярд” уй 93 баш, “Ала-Тоо” уй 65 баш, “Голштин-Фриз” уй 22 баш, “Симентал” уй 12 баш, 2024-жылы жалпы 600 баш уй жасалма жол менен уруктандырылган.
Кластердик өнүгүү жана багыттары
Жаңы кластердик багыттарга дыйкан-фермерлердин кызыгуусу артып, жамааттарга, кооперативдерге биригишүүдө. Эт, сүт кластерин өнүктүрүүдө өзгөчө көңүл тоют базасын бекемдөөгө, асыл тукум чарбаларды түзүүгө негизделүүдө. Алар: эт, сүт, бал,балык, мөмө-жемиш, дары чөп, картошка.
Эт кластери: 2024-жылы Ат-Башы эт комбинаты ачылды, күнүнө 50 баш бодо мал, 150 башка чейин майда жандык союлат. Аталган комбинат айына 60 миң тушенка өндүрөт. Райондо 2024-жылы 11,8 миң тонна эт өндүрүлдү. «Кара-Булак» участкасында эт комбинат жана консерва чыгаруучу цехтин курулушу улантылууда. Мындан сырткары Ат-Башы эт комбинатында пельмен чыгарыла турган цехтин курулушу башталат.
Сүт кластери: Сүт кластерин өнүктүрүү үчүн Ат-Башы районунда 2024-жылы асыл тукум сүт породасындагы чарба түзүлдү. Бүгүнкү күндө 104 баш асыл тукум сүт породасындагы уйлар бар. «Ат-Башы-Сүт» жоопкерчилиги чектелген коому сүттү кайра иштетүү боюнча иш алып барып, сүттөн каймак май, сыр, чечил өндүрөт. Бир күндө 8-10 тн сүттү иштетүүгө кубаттуулугу жетет. Мындан сырткары жеке ишкер Шаршеев Таалай өзүнүн үйүндөгү чакан цехтен 1 тн сүттү кайра иштетип, сүттөн айран, йогурт, курут өндүрөт. Ошондой эле Талды-Суу айылында жеке ишкер Кемелова Перизат үй шартында сүттөн сары май, сүзмө, курут жасап, жакынкы базарларга сатууга чыгарып келет. 2024-жылы
райондо 29,3 миң тонна өндүрүлдү.
Балык кластери: Райондо10 балык чарбасы толук кандуу иш алып барууда. 1 чарба малек өстүрүп, районду толук камсыз кылуу менен, башка райондорго да сатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Калинин айылында балыктан консерваларды чыгаруу жана балыкты тоңдуруп, экспортко даярдоочу ишкана курулууда. Жалпы өндүрүлгөн продукция 2024-жылы 52 тоннаны түздү. 2025-жылы 50 тонна балыкты экспорттоо мерчемделүүдө.
Бал кластери: «Ат-Башы Ак-Балы» ассоциациясында жалпы 88 мүчө эмгектенип, 2024-жылы 214,7 тн бал өндүрүшүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 6,8 тоннага көп өндүрүлгөн. Ат-Башы Ак-балы өндүргөн бал көпчүлүгү чет өлкөлөргө экпорттолот. 2024-жылы 20 тонна бал Америка Кошмо Штатына, 3 тонна Кытай Эл Республикасына жана 5 тонна бал Араб Эмираттарына, 1 тонна бал Япония өлкөсүнө экспорттолду. Учурда балды заманбап идиштерге куючу, экспортко даярдоочу логистикалык борбордун дол-боору даярдалууда.
Картошка кластери: 2024-жылы Ача-Кайыңды айылындагы «Курманбек-Ата» айыл чарба өндүрүштүк кооперативи 3 гектар жерге Голландия мамлекетинен GOPA/AFC кошумча нарк чынжырларын агрофинансылоо 3 жылдык долбоору менен 4 түрлүү «Сильвана», «Пердис», «Камелия» жана «Коломба» сортторунун, суперэлита репродукциядагы картошкаларды алып келип, эксперимент катары картошка отур-
гузулду. Түшүмдүүлүгү ар гектарынан 420-450 центнерден алынып, райондо жогорку көрсөткүчтү жаратты. 2025-жылдын жаз айлары менен “Курманбек-Ата” айыл чарба кооперативинин 18 га жерине супер элита жана элита сортундагы картошканын үрөндөрүн отургузуу пландалууда.
Мындан сырткары Баш-Кайыңды айылына “Кылымбек-Нур” айыл чарба кооперативи жалпы 15 га жерине картошка айдап, анын ичинен 2 га айдоо жерине эксперимент катары Өзбекстандын Илимдер Академиясынын адистери, агрономдору менен бирдикте картошка өстүрүүнүн ыкмалары, агротехникалык эрежелери боюнча окуу-семинар өткөрүлүп, картошканын үрөнү отургузулган. Жогорудагы өндүрүлгөн картошканын үрөндөрүн райондогу айыл чарба кооперативдерине жана дыйкандарына сатып, келечекте жогорку түшүмдүү картошканы районго жайылтууну максаттап жатабыз. Келечекте Ат-Башы району жогорку сапаттагы экологиялык таза картошка үрөндөрүн өндүрүүчү регионго айланат.
Мөмө-жемиш кластери: Ат-Башы районунда мөмө жемиш кластери түзүлүп акыркы 3 жылдан бери чычырканак жана карагат өстүрүүгө кадамдар башталды. Алсак 2022-жылдын жаз айларында Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айы-
лынын “Түйрүк-Сарай” чөлкөмүнө 5 га таштак жайыт аянтка жеке ишкер Сыдыков Темирбек тарабынан Россиянын Алтай крайынан алынып келинген, тикенеги жок чычырканактын көчөттөрү отургузулган. Айылдарда аз көлөмдө болсо дагы багбандар чычырканак жана карагат өстүрүүнү жайылтууда. Жалпы эсеп менен 8,82 га жерге чычырканак, 1,27 га жерге карагат өстүрүлүүдө. 2025-жылга 115 гектар аянтка чычырканак, карагат өстүрүү мерчемделген. Япон инвесторлору менен 2 жылдык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 2025-жылга 100 гектар жерге чычырканак, 10 гектар жерге карагат плантацияларын уюштуруу макулдашылып колго алынууда.
Дары чөптөр кластери: Дары чөптөрдү айыл шартында өстүрүү боюнча Ат-Башы айылында «Дордой-Дары» ишканасы ачылып, эфир майын чыгаруу боюнча долбоор иштеп, айылдарда топтор түзүлүп, дары чөптөрдү өстүрүү колго алынууда. Жыйналган дары чөптөрдүн кургатылганы “Неман Фарм” ишканасына өткөрүлүп келет. 2025-жылы районго ферула дары чөбүн эксперимент катары 5 гектар аянтка эгүү пландалууда.
Тоют базасын чындоо максатында “Ат-Башы Кенч” айыл чарба кооперативи 75 миң долларлык байытылган тоют даярдоого ылайыкташкан шаймандары алынып келип, Казыбек айылында комбикорм чыгаруу цехи ачылуу алдында турат.
Мындан сырткары, Ат-Башы айылында “Достук” айыл чарба кооперативи байытылган тоют даярдоо үчүн техника, технологиялык жабдыктарды алып келип, 2025-жылы өндүрүштү курууга даярдык көрүүдө. 2024-жылы жалпысынан 26441 га чөп аянты, же тактап айтканда, 13148 га эспарцет, 8936 га табигый чөп жана 3987 га бир жылдык чөп ( сулуу) чабылып жыйналды. Кошумча саман, чөп катары чабылган дан эгиндери, чөп чабынды аянттардан кошулуп жалпысынан 113065, 6 тонна чөп жыйналып, былтыркы жылга салыштырмалуу 11185, 7 тоннага көп жыйналды. 2025-жылы жазында Ак-Муз айылында 194,7 га жерге биринчи жолу эксперимент катары “Суданка” тоют өсүмдүгүн айдоо пландаштырылууда.
Пайдаланылбай бош жаткан жерлерди натыйжалуу пайдалануу, тоют базасын жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө максатында Кара-Булуң айылында 4,5 га жерге күн карама сорту (семичке) жана сафлор айдалган. Бүгүнкү күндө Кара-Булуң айылында АРИС долбоору менен 250 миң сомго май өсүмдүктөрүнөн май сыгуучу станок алынып келинип, күн караманын майын өндүрүүдө. 2025-жылы май өсүмдүктөрүн эгүү аянты 50 гектарга жеткирилет жана дыйкан фермерлерге сафлорду жана күн караманы айдоону сунуш кылуудабыз.
Ирригация тармагын жакшыртуу
Акыркы 3 жыл ичинде ирригация тармагында район боюнча жалпы 49 млн. 520 миң сомдук жумуштар аткарылды. Атап айтсам 2022-жыл ичинде Өмүке каналынын башкы сооружениясына ремонт жүргүзүү үчүн 80 м3 блок, 126 м3 монолиттик бетон куюлуп, сооружениянын суу агып түшкөн участогу бекемделип, суу өткөрүүчү пролетторунун 35 м2 жерине темир лист төшөлдү.
Өмүке каналынын темир-бетон төшөлгөн 7 км участогу толук ремонттон өтүп, мунун ичинен 0,4 км участогу жаңы темир-бетон блоктору (Г-120) менен алмаштырылып, каналдын жер участогунан 12 км канал тазаланган. Таш-Рабат-Шырыкты каналынын 1130 м участогуна 305 м3 бетон төшөлдү, Сарыгоо насостук станциясы жана насостук станциянын имараты ремонттон өткөрүлүп, механикалык тазалоодон 61,5 км, 144,3 км ички каналдар кол күчү менен тазалоодон өттү. 2023-жылы Өмүке каналынын «Малатай» участкасындагы ташкын суудан коргоочу дамбанын 100 м участогуна габиондук сетка төшөлүп таш менен толтурулду. Өмүке-Чоң каналынын темир-бетон төшөлгөн участогунан 1,4 км участогу толук ремонттон өтүп, мындан сырткары 0,2 км участогуна каналдын таманы бетондолду. Каналдын жер участогунан 11 км канал тазаланып, Өмүке каналына 3 сооружения курулду.
Таш-Рабат-Шырыкты каналынын 2 км каналы ремонттолуп, таманы бетондолуп, 1 сооружения курулду. Орто-Келтебек каналынын 1,3 км участогу тазаланып,10 сооружения капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Сарыгоо насостук станциясынын насостук 1 агрегаты жана 1 электродвигатели алмаштырылган.
2024-жылы Өмүке каналынын «Малатай» участкасындагы ташкын суудан коргоочу дамбага 4,7 млн. сом каралып, сугатка суу берүү үчүн жер дамбалары курулуп, габиондук сетка менен бекемделди. Өмүкө каналынын темир-бетон төшөлгөн (Г-120) 7 км участогунан таманын суу жеп кеткен участокторуна бетон төшөлүп, ремонт жүргүзүлдү. Чоң каналынын темир-бетон төшөлгөн (Г-120) ар кайсы участокторунан 7,5 км участогу ремонттон өтүп, Өмүкө-Чоң каналдарынан 6 гидросооружения оңдолду жана 6 км канал тазаланды. Шырыкты каналынан 2 км участогу ремонттон өтүп, Шырыкты каналынын 1,2 км аралыгына механикалык тазалоо жүргүзүлдү.
Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк коопсуздугунун алкагында элдин күчү менен 2024-жылы Кара-Суу айыл аймагындагы Шамбет каналына республикалык бюджеттен 24,7 млн. сом каралып, 6 км канал толугу менен бүткөрүлүп ишке берилди. Аталган канал менен суу коромжусуз пайдаланылып, 800 га жер сугат суу менен камсыз болгонун белгилей кетпесем болбойт.
Ишти илгерилеткен инвестиция
Регионалдык экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу негизинен активдүү инвестициялык саясатка негизделген. 2024-жылы районго 511 млн. 875 миң 300 сом ички жана тышкы инвестиция тартылды. Тактап айтсак, республикалык бюджеттен – 158,5 млн. сом, жергиликтүү бюджеттен – 75,8 млн. сом, ишкерлер-демөөрчүлөр тарабынан – 178,7 млн. сом, фонддордон – 41,6 млн. сом, чет элдик түз инвестиция – 27,7 млн. сом жана жергиликтүү фонддон 5,6 млн. сомду түздү.
Кара-Булак участогунда Ат-Башы соода логистика борбору ачылды. Бүгүнкү күндө бонд кампалары курулуп иштеп баштады, алгачкы товарлар түшүрүлүп, буйрутмалар алынып, Россияга жөнөтүлдү.