whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаМалды жасалма уруктандырууга 60 млн сом бөлүндү

Малды жасалма уруктандырууга 60 млн сом бөлүндү

Быйыл Кыргызстанда малды жасалма уруктандыруу үчүн алгачкы жолу 60 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Мал чарба, ветеринария жана жайыт боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Элвира Мамбетова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жасалма уруктандыруу — асыл тукум малды көбөйтүүнүн эң эффективдүү жолу. Бул технология малдын генетикалык потенциалын жогорулатууга, эт азыктарынын сапатын жакшыртууга жана мал оору коркунучтарын азайтууга багытталган.

Белгиленген каражатка 270 миң доза элита классындагы жогорку сапаттуу уруктар сатып алынат. Ал эми үч жыл ичинде 180-200 миң уй жасалма жол менен акысыз уруктандырылат. Уруктар Россиянын сапаттык көзөмөлүнөн өткөн букалардан алынып, ошондой эле Швейцариядан жана Кыргызстанда өндүрүлгөн уруктар колдонулат.

Мамбетова кошумчалагандай, жасалма уруктандыруу иштерин жүргүзүү үчүн кошумча адистер да окуудан өткөрүлөт. “Иштегибиз келет, үйрөнөбүз деген ветеринарларды окутууга даярбыз”, — деди ал.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар