Башкы беткеСаясат жана коомКоомНурдан Орунтаев: "Кыргызстанда сейсмоизолятор чыгарган завод курулат"

Нурдан Орунтаев: «Кыргызстанда сейсмоизолятор чыгарган завод курулат»

Кыргызстанда сейсмоизолятор чыгарган завод курулат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев маалымдады.

Министрдин айтымында, бүгүн Кытай компаниясы менен 10 млн АКШ долларына келишим түзүлгөн.

«Кыргызстанда Курулуш министрлигинин базасында сейсмоизоляторлор чыгаруу боюнча завод курулат. Башкаруу 51/49 пайыз менен. 51 пайыз мамлекеттин пайызы болот.

Ушул эле келишимдин негизинде жер кыртышын изилдөө боюнча 3 мобилдик жана 3 лаборатория болот.

Андан тышкары 1,5 млн доллар мамлекетке грант келет. Ал акча каражат Курулуш министрлигинин жабдыктарын алууга жана имараттарын курууга колдонулат.

Келишимдин аткаруу мөөнөтү 90 күн. Ал убакытта 11,5 млн АКШ долларын Кыргызстанга алып келишет»,- деди Нурдан Орунтаев.

Келишимдин мөөнөтү 7 жылга түзүлүп, андан кийин бардык имараттар жана жабдыктар толук мамлекетке өткөрүлөрү кошумчаланды.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар