Башкы беткеМаанилүүС. Жапаров: "Жаратылышты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп берели"

С. Жапаров: «Жаратылышты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп берели»

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды.

«Акыркы 5 жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатабыз. ИИМдин, ӨКМдин, Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери жайы-кышы дебей, көл үстүндө торлоду тазалап жүрүшөт.

Эмгектерин баалайлы. Тор салбайлы.

Жаратылышты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп берели. Соң-Көл көлү менен Токтогул суу сактагычында да ушундай эле көрүнүш.

Эл арасында “торлорду бажыдан өткөрбөй койбойсуңарбы” деген сын-пикирлер бар. Албетте, синтетикалык торлорду Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынган. Бирок мурда алынып келиген торлордун арты бүтпөй жаткандай.

Ошондуктан, кимде мурда алынып келген торлор бар болгон болсо жогорудагы министрликтерге тапшырып берсеңиздер, өтүнүч», — деп жазды мамлекет башчысы.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар