Данияр Амангелдиев Россия Федерациясынын башкы трансплантологу, академик Сергей Готье менен жолугушту.
Жолугушууда Садыр Жапаровдун демилгеси менен трансплантологияны өнүктүрүү мамлекеттик саламаттык сактоо саясатынын артыкчылыктуу багыты катары аныкталганы белгиленди. Акыркы жылдары бул тармакта керектүү укуктук база түзүлүп, заманбап медициналык технологияларды киргизүүгө шарттар түзүлгөн.
Тараптар трансплантология боюнча эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Бул багытта М.М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору менен Россиянын академик В.И. Шумаков атындагы трансплантология жана жасалма органдар боюнча улуттук борборунун ортосундагы кызматташтык оң жыйынтыктарды берүүдө.
Аталган кызматташуунун алкагында Кыргызстандык 20 медициналык адис стажировкадан өтүп, учурда алардын санын көбөйтүү маселеси каралууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2023-жылдан бери органдарды трансплантациялоо боюнча мамлекеттик программа иштеп, ал республикалык бюджеттен каржыланууда.
Сергей Готьенин сапарынын алкагында Улуттук хирургия борборунда анын жетекчилиги алдында боор фрагментин трансплантациялоо операциясы ийгиликтүү жасалды.
Жыйынтыгында тараптар трансплантология тармагындагы кызматташууну кеңейтүү, адистерди даярдоо жана практикалык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча макулдашышты. Бул кадамдар өлкөдө жогорку технологиялык медициналык жардамды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.