Вашингтондо Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташтык, инвестиция, каржы, жарандык авиация, санкциялар жана виза режимин жеңилдетүү маселелерин талкуулашты.
Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, “C5+1” форматы аймактык кызматташтык үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан АКШны илимий-техникалык өнүгүүдө дүйнөлүк лидер жана маанилүү өнөктөш катары бааларын айтты.
Ал Кыргызстан экономикасы акыркы жылдары туруктуу өсүш көрсөткөнүн белгилеп, инновация, санариптик трансформация жана жаңы технологиялар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Мындан тышкары, Касымалиев Марко Рубиону Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Өз кезегинде Марко Рубио Кыргызстан менен өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бардык багыттар боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары да кеңейтүүгө умтуларын ырасташты.