Кыргызстанда биринчи жолу адамдарды сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө арналган региондук деңгээлдеги симуляциялык машыгуулар 9-июндан 14-июнга чейин өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, иш-чара ЕККУнун (Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму) Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлүнүн кеңсеси менен биргеликте уюштурулууда. Машыгууга Борбор Азия мамлекеттеринен жана Түркиядан 100дөн ашуун адис, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери, юристтер, социалдык кызматкерлер жана эл аралык эксперттер катышууда.
Симуляциялык окууларды расмий түрдө эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу ачты. Өз сөзүндө ал адам сатуу маселесинин курчтугун жана ага каршы мамлекеттер аралык координацияланган аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи:
“Адам сатуу — адам укуктарынын негиздерине олуттуу зыян келтирген эң оор кылмыштардын бири. Бул көрүнүшкө каршы туруу — Кыргызстандын мамлекеттик приоритеттеринин бири. Симуляциялык машыгуу адистердин кесиптик даярдыгын бекемдеп, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого өбөлгө түзөт”.
Машыгуунун негизги максаты — адам сатуунун курмандыктарын өз убагында аныктоо, аларга коргоо жана жардам көрсөтүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү, ошондой эле улуттук жана аймактык деңгээлде мекемелер аралык кызматташууну жакшыртуу болуп саналат.