Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы депутат Алексей Росликовго карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу LETA маалымат агенттиги билдирет.
Эл өкүлүнө агрессор делген мамлекет Орусияга көмөк көрсөтүү, улут аралык кастыкты жана жек көрүүнү козутуу боюнча айыптар тагылды.
Кылмыш ишинин негизги себеби — 5-июнда парламент жыйынында орус тилин коомдук турмуштан чектөө жөнүндө сунушталган декларация талкууланганда, Росликов анын күн тартибине киргизилишине каршы чыгып, өз сөзүн орусча: “Биз көппүз, орус тили — биздин тил” , — деп жыйынтыктаган. Бул учурдагы регламент парламент трибунасынан орусча сүйлөөгө тыюу салгандыктан, депутатты залдан чыгарып жиберишкен.
Коопсуздук кызматы Росликов буга чейин да коомчулукта кастык маанайдагы билдирүүлөрү үчүн эскертүү алганын билдирди. Ал социалдык тармактарда, айрыкча Х платформасында, Ригада орус тили үстөмдүк кылаарын жазып, айрым саясий оппоненттерине “чемодандарыңарды жыйнагыла” деген чакырыктар менен кайрылган.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, ал эми Росликов өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда.