Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамы өзгөрдү

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамы өзгөрдү

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койду.

Маалыматка ылайык, бул мыйзамдын максаты Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын  шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде 3төн депутат шайланат.

Мыйзамга ылайык, шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоо дайындалганда кабыл алынат.

Көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында тиешелүү шайлоо округдарынан чыгып кеткендердин ордуна көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлбөйт.

Эске салсак, аталган мыйзам 30-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар