Башкы беткеСаясат жана коомКоомӨкмөт бөйрөктү алмаштыруу боюнча кызмат көрсөтүү тартибин бекитти

Өкмөт бөйрөктү алмаштыруу боюнча кызмат көрсөтүү тартибин бекитти

Министрлер Кабинети бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптарга бөйрөктү трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында токтом кабыл алды. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Маалыматка ылайык, токтомдун негизинде, бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби бекитилди.

Ошондой эле, бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси токтомдун тиркемесине ылайык аныкталды. Бөйрөк алмаштыруу операциялары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Кыргыз-Түрк достугу Бишкек мамлекеттик ооруканасында, Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Медициналык борбордо жүргүзүлөт.

Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусунун диагнозу коюлган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле операцияга чейинки жана андан кийинки дарылоо менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан ишке ашырылат жана медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен каржылан.

Толук маалымат төмөнкү шилтемеде:

https://www.gov.kg/ky/npa/s/4667

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар