whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом"Кыргыз-казак алакаларын кеңейтүү эки өлкөнүн биргеликте өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет"

«Кыргыз-казак алакаларын кеңейтүү эки өлкөнүн биргеликте өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет»

Астанада Кыргызстан менен Казакстандын Парламенттер аралык кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Жыйынга Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери катышууда. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын чыңдоого багытталган сунуштарын айтты.

Парламенттен билдиришкендей, өз баяндамасында комитет төрагасы акыркы жылдары Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп, ушул жылдын алгачкы үч айында 327 млн АКШ долларынан ашканын мисал кылды.

“Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га көп. Андыктан, жигердүү өнүгүп жаткан алакаларды дагы тереңдетип, 2030-жылга чейин соода байланыштарды 3 млрд долларга жеткирүү тууралуу мамлекет башчылары тарабынан коюлган максатка карай кадам шилтей беришибиз керек”, — деди Улан Примов.

Ошондой эле Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар тууралуу да кеңири кеп кылган комитет төрагасы каржы системасын жаңылоо жаатында жасалып жаткан иштерге токтолду.

Муну менен катар эки өлкө ортосундагы электрондук коммерцияны өнүктүрүү, өндүрүштүк кооперациялардын ишин жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду колдоо, соода-логистикалык жайлардын ишин жакшыртуу жаатында демилгелерди көтөрдү.

Астанада өтүп жаткан Кыргызстан менен Казакстандын Парламенттер аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов эки мамлекеттин соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.

Парламенттен билдиришкендей, өз баяндамасында комитет төрагасы акыркы жылдары Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп, ушул жылдын алгачкы үч айында 327 млн АКШ долларынан ашканын мисал кылды.

“Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га көп. Андыктан, жигердүү өнүгүп жаткан алакаларды дагы тереңдетип, 2030-жылга чейин соода байланыштарды 3 млрд долларга жеткирүү тууралуу мамлекет башчылары тарабынан коюлган максатка карай активдүү кадам шилтей беришибиз керек”, — деди Улан Примов.

Ошондой эле Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар тууралуу да кеңири кеп кылган комитет төрагасы каржы системасын жаңылоо жаатында жасалып жаткан иштерге токтолду.

“Айрыкча өндүрүш тармагын колдоого өзгөчө көңүл бурулуп, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга артыкчылыктар берилүүдө. Анын ичинен тоо-кен, металлургия, гидроэнергетика, кайра иштетүү өндүү тармактарга инвестиция тартуу үчүн керектүү шарттар түзүлүүдө”,- деген Жогорку Кеңештин депутаты казакстандык өнөктөштөрдү аталган багытта тыгыз иш алып барууга чакырды.

Муну менен катар эки өлкө ортосундагы электрондук коммерцияны өнүктүрүү, өндүрүштүк кооперациялардын ишин жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду колдоо, соода-логистикалык жайлардын ишин жакшыртуу жаатында демилгелерди көтөрдү.

“Бул жана башка багыттагы алакалар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого гана өбөлгө түзбөстөн, эки өлкөнүн биргеликте өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет деп ишенем”, — деди Улан Примов.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар