Башкы беткеМаанилүүЫсык-Көл эл аралык форуму же интеллектуалдык жаңы шеринеси

Ысык-Көл эл аралык форуму же интеллектуалдык жаңы шеринеси

Улуу гуманист, дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматов 1986-жылы Ысык-Көл эл аралык форумун негиздеп, ага Англиядан театр жана кино актёру, режиссёр, сценарист Питер Устинов, АКШдан философ, социолог Олвин Тоффлер, анын зайыбы Хейди Тоффлер, жазуучу, драматург, коомдук ишмер Артур Ашер Миллер, белгилүү сүрөтчү-фотограф Инга Миллер, романчы, публицист, драмачы, укук коргоочу Артур Болдуин жана анын бир тууганы актёр Дэвид Болдуин, Эфиопиядан айкелчи, живописчи, график, дизайнер, СССРдин көркөм сүрөт академиясынын академиги Афэвлок Тэкле, Франциядан Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Клод Симон, Италиядан Рим клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Кинг, Кубадан журналист жана жазуучу, дипломат Лисандро Отеро, Италиядан физик Аугусто Форти, Түркиядан музыкант, композитор, жазуучу, кинорежиссёр, саясий ишмер Зүлфү Ливанели,  прозаик Яшар Кемаль, Испаниядан окумуштуу, саясатчы, мамлекеттик ишмер, жазуучу, акын, кийин ЮНЕСКОнун башкы катчысы болгон Федерико Майор, Индиядан улуттук бий жана музыка теориясы боюнча теоретик Нараяна Менон жана башка ойчулдар катышып жер шарынын азыркы абалы жана келечеги жөнүндө ой бөлүшүшкөн. Бул чынында кыргыз дипломатиясынын тарыхындагы эң көрүнүктүү иш-чара болгон. 

1997-жылы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында өткөн II Ысык-Көл форумуна дүйнөлүк лидерлер менен катар Түркия Республикасынын президенти Сулейман Демирель катышкан.  2018-жылы III Ысык-Көл форуму өтүп, ага 25 өлкөдөн 155 конок катышып, ТҮРКСОЙ жана ЮНЕСКО эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү да келишкен. 2021-жылы Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форуму өтүп, форумдун Анкарадагы сессияларына 18 өлкөнүн өкүлдөрү катышышкан. Форумда «Эл аралык терроризм, эл аралык коопсуздук жана маңкуртчулук» жана «Эл аралык саясаттагы адеп-ахлак жана нарк» темаларында талкуулар жүргөн.

Улуу жазуучубуздун ушул чыйырын улоо жана бул мурас аянтчаны сактап калуу максатында өткөн аптада Президент Садыр Жапаров юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун өткөрүү тескемесине кол койду (№256, 02.08.2025-ж.). Аталган документте юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, форумду даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу, форумдун иш-чараларына даярдануу жана өткөрүү чыгымдарынын сметасын түзүп, 2026-жылдын бюджетине киргизүү жана форумду 2026-жылдын июнь айында өткөрүү тапшырмалары камтылган.

Буга чейин чет мамлекеттерде алгылыктуу демилгелерди көтөрүп келе жаткан өлкө башчыбыздын бул демилгеси чынында кыргыз эли жапырт колдой турган жакшы дүйнөлүк деңгээлдеги саамалык. Себеби, бул эл аралык форумду өткөрүү менен Кыргызстан дүйнөлүк масштабдагы көйгөйлөрдү талкуулай турган, дүйнө элитасы акыл калчай турган борборго, аянтка айланат. Башкасын айтпайлы, азыр технологиянын өнүгүшү, калк санынын өсүшү менен адамзат өзүнө өзү планеталык масштабдагы экологиялык, аскердик, климаттык, экономикалык көйгөйлөрдү жаратып алды. Алардын эң кооптуусу – ядролук куралдар. Хиросима, Нагасакидеги апааттан адам баласы сабак албай, дагы да болсо өзөктүк куралы бар мамлекеттер башкаларды көрүнөө да, көмүскө да опузалап жатат. Муну дүйнө эли ийри отуруп, түз кеңешип, канткенде буга чекит коюлуп, Жер жүзүндө тынчтык орнотобуз дегенге баш оорутушу керек. Жер планетасында климат өзгөрүп ак жайдын күнү чөлдөргө кар жаап, жер титирөөлөр, сел каптоолор, цунамилер, кургакчылык адам баласына оңбогондой зыян алып келип жатат. Буларды алдын алуу маселесинин чети оюлбай турат.

Ар кандай эл аралык абройлуу уюмдар өлкөлөр ортосундагы кагылышуу, куралдык кол салууларды токтотууда алсыз болуп калды. Эл аралык мыйзамдарды араздашкандар тоготпой, эске албай коюп жатат. Климаттын өзгөрүшү менен жакынкы жылдарда суу ресурстарына, жаратылыш ресурстарына үстөмдүк кылуу маселеси чыгышы мүмкүн. Муну кантип алдын алсак болот деген суроо турат. Адам түзгөн жасалма интеллект жыл өткөн сайын күч алып, адам баласынын өзүн жарга такаганы калды. Нефти, кен байлыктарга бай өлкөлөр асман тиреген курулуштары менен мактанып жатышса, кай бир өлкөлөрдө наристелер тамактын жетишсиздигинен, согуш апаатынан, жугуштуу оорулардан өлүп жатышат. Муну кантип оң жагына чечсек болот? Мына ушул сыяктуу маселелерди юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумунда талкуулап, натыйжалуу чечимдерге жетишсек болот. Бул өзү биринчиден Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрсө, экинчиден, өлкөбүздүн адамзат жашоосун жакшыртууга кошкон зор салымы болот.

Жасалма интеллект демекчи, кокус бул багыттагы айрым программалар трансформацияланып, колдон чыгып кетип адамдын өзүн башкаруу деңгээлине жетсе кантебиз. Адам баласы жасаган атом бомбасы миңдеген адамды кыргандай адам колунан жаралган программа пайда көздөөнүн натыйжасында агрессия, зомбулук үчүн колдонулбай турганына ким кепилдик бере алат?! Адамзатты массалык түрдө кыра турган өзөктүк курал азыр канча мамлекетте бар экенин белгисиз. Жаза тайып андай куралдар жанкечтилердин колуна тийсе бул дүйнөлүк чоң трагедияга айланат. Андыктан стратегиялык куралдарды колдонуу боюнча жаңы, так макулдашууларды тезинен түзүү керек. Ири державаларды глобалдык конференция өтүүгө, жаңы макулдашууга үндөө, ынандыруу зарыл. Ушундай өзөктүү темалар так ушул Ысык-Көл эл аралык форумунда каралып, чечилсе Кыргызстан дүйнөлүк тынчтыкка данакер өлкө катары таанылмак.

Албетте, анан форумдун алкагында ар кандай эл аралык маданий, адабий конкурстарды, иш-чараларды уюштуруу да ашыкча болбойт. Ошол эле сүрөтчүлөрдүн, котормочулардын, акын-жазуучулардын, керек болсо кечээ талаш жараткан айкелчилердин эл аралык көргөзмөсүн уюштурса да болот. Бул форум эл аралык деңгээлде өтө тургандан кийин өткөрүлчү иш-чаралардын программалары так иштелип чыгып, интеллектуалдык менчик уюму, Нобель сыйлыгы боюнча комитет сыяктуу уюмдар, дүйнөгө белгилүү саясатчылар, жазуучулар, журналисттер, окумуштуулар чакырылышы кажет. Себеби, ошол эл аралык уюмдар, белгилүү инсандар форумдун кадырын арттырат жана алкагын кеңейтет.

Мелис СОВЕТ уулу,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар