Учурда Япониянын Осака шаарында “ЭКСПО-2025” Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсү өтүп жатат. Ага баш-аягы 160ка жакын өлкө катышууда. “ЭКСПО-2025” Эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстандын да Улуттук павильону ачылган. Улуттук павильон дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандын бай маданий мурасы, уникалдуу табияты, ошондой эле экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу максатында түзүлгөн.
Элчи Эркинбек Осоев Кыргызстан үчүн “ЭКСПО-2025” көргөзмөсүнө катышуу өлкөнүн эл аралык аренада илгерилөөсү жана кыргыз-япон мамилелерин чыңдоо багытында маанилүү кадам болуп саналарын белгиледи.
– Саламатсызбы, өткөн айда Осакада “ЭКСПО-2025” дүйнөлүк көргөзмө өз ишин баштады. Бул көргөзмөгө катышуу үчүн Кыргыз Республикасы кандай даярдык көрдү?
– Саламатсыздарбы. Ооба туура айтасыз, 2025-жылдын 13-апрелинде Япониянын Осака шаарында «Биздин жа-шообуз үчүн келечек коомду долбоорлоо» (Designing Future Society for Our Lives) урааны алдында ЭКСПО-2025 бүткүл дүйнөлүк көргөзмө өз ишин баштады жана ошол күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бул биздин өлкө үчүн зор мүмкүнчүлүк гана эмес, чоң жоопкерчилик дагы болуп саналат. Кыргыз Республикасы бул иш-чарага катышуу маселесине өзгөчө маани берип, алдын ала жана көп баскычтуу даярдык иштерин жүргүздү.
Анын алкагында, эң оболу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өлкөбүздүн аталган эл аралык көргөзмөгө катышуусунун концепциясы бекитилип, ЭКСПОго байланыштуу бардык иштерди координациялоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын катышуусунда уюштуруу комитети түзүлгөн.
Мындан тышкары япон тарап менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп, уюштуруу-чулар менен биргеликте павильондун жайгашуусу, мазмуну жана дизайны боюнча чечимдер кабыл алынды, ошондой эле улуттук павильонубузга колдонулуучу жабдыктардын тизмесин аныктоо жана аларды Кыргызстандан Японияга алып келүү ж.б. маселелери боюнча активдүү иштер алып барылды.
Ошондой эле аталган иш-чарага Кыргызстандын атынан жооптуу орган катары Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жооптуу орган катары аныкталгандыгын кошумчалайм.
– «EXPO 2025» көргөзмөсүнө болжол менен жалпы 28 млн. көрүүчү келүүсү күтүлүүдө. Кыргызстандын улуттук павильонун көрүүгө алгачкы күнү канча адам келди?
– «EXPO 2025 Osaka, Kansai» эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышында жалпы көрүүчүлөрдүн саны 140 миңге жетип Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонун көрүүгө болжол менен 10 миңге жакын адам келди.
Кыргыз Республикасынын улуттук павильону ачылган күнү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, анын ичинде KANSAI TV телеканалынын журналисттери дагы келип, айрым катышуучу өлкөлөрдүн улуттук павильондору тууралуу репортаж даярдашты. Алардын катарында КР павильону да чагылдырылды.
– Улуттук павильонду көргөн конокторду таасирлентүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр пайдаланылды?
– Жалпысынан өлкөбүздүн улуттук павильонунун курулуш иштери Япониянын талаптарына ылайык жүргүзүлүп, коопсуздук талаптары да эске алынды. Павильондун жалпы концепциясы кыргыз элинин маданий мурастарын, жаратылыш байлыктарын, экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларынын экспорттук потенциалын жана туризм тармагындагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү чагылдырып турат.
Ошону менен катар улуттук павильонду курууда заманбап технологиялар, мультимедиялык каражаттар жана интерактивдүү чечимдер ыкмалар пайдаланылды.
Жалпылап айтканда, Кыргыз Рес-публикасынын улуттук павильонунун өзгөчөлүгү – бул биздин жаратылыштын сулуулугун, тарыхый жана маданий мурастарын чагылдыруу аркылуу туруктуу өнүгүү үчүн улуттук маданият менен заманбап өнүгүүнү айкалыштырууга басым жасалды. Павильондун архитектуралык стили кыргыз боз үйүнө жана анын ички жасалгасына негизделген, бул кыргыз элинин көчмөн маданиятынын символу катары тандалды десек болот.
Ошону менен катар, көрүүчүлөр үчүн улуттук павильондун маданий жасалгасы менен таанышуудан тышкары, экологиялык таза кыргыз балынан ооз тийүү менен бирге, заманбап технологиялар жана интерактивдүү элементтер, Кыргызстандын туризм потенциалын япон тилинде толук чагылдырган видео ролик аркылуу жана ошондой эле, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери тарабынан өлкөбүздөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө дагы маалымат алып, Кыргызстан тууралуу позитивдүү таасирге ээ болууга шарттар түзүлгөндүгүн белгилейм.
Андыктан, бул павильон аркылуу Кыргызстан өзүнүн уникалдуу улуттук өзгөчөлүктөрүн, туризм жаатындагы потенциалын жана экономикалык жактан маанилүү болгон инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн дүйнө коомчулугуна таанытат деген чоң үмүтүм бар.
– 2025-жылдын 13-октябрына чейин ЭКСПО-2025 эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильонунда кандай иш-чаралар өткөрүлөт?
– Кыргыз Республикасынын улуттук павильону эл аралык көргөзмөнүн белгиленген убактысына чейин, башкача айтканда, 2025-жылдын 13-октябрына чейин жигердүү иш алып барат. Анын алкагында ЭКСПО-2025 эл аралык көргөзмөсүндө ар түрдүү форматтагы иш-чаралар өткөрүлөт жана алардын арасынан эң маанилүүсү 6-июнь күнү – Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү өтөт. Бул күнү Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын катышуусу менен чоң салтанаттуу концерт, маданий программа, улуттук тамак-аштардын дегустациясы, салттуу кийимдердин көрсөтүүсү өткөрүлөт. Жалпысынан алганда, Кыргызстандын ар түрдүү секторлору боюнча долбоорлор таанытылып, япон жана эл аралык бизнес-өкүлдөр менен кызматташтыкты түзүүгө багытталган иш-чаралар өтөт.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ЭКСПО-2025теги улуттук павильонуна мекендештерибиздин кеңири катышуусу бул өлкөбүздүн маданий мурасын жана заманбап өнүгүүсүн дүйнөлүк коомчулукка натыйжалуу таанытууга өбөлгө болот.
Ошондуктан, Японияда жашап жаткан кыргыз жарандарын, студенттерди, жарандык коом өкүлдөрүн жана диаспора мүчөлөрүн, ошондой эле ЭКСПО-2025 көргөзмөсүнө турист катары келүүнү пландап жаткан кыргыз жарандарыбызды жана Кыргызстанда жашаган жарандарды – 2025-жылдын 6-июнунда Осака шаарындагы ЭКСПО-2025 эл аралык көргөзмөсүндө өтө турган Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө катышууга чакырабыз.
Бул иш-чара ар бир кыргыз жараны үчүн өлкөнүн маданиятын, жаратылышын, салт-санаасын жана келечекке карата мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Ошону менен бирге, мекенге болгон сыймыкты бекемдеп, эл аралык аренада Кыргызстандын аброюн арттырууга кошкон салымыңыз болот.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан ЭКСПО-2025 эл аралык көргөзмөсүндөгү глобалдык аудиториянын алдында өзүнүн туризм, экономикалык, маданий жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири көрсөтүүгө аракет кылууда. Бул дүйнөлүк платформада кыргыз брендинин таанылышына, экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларынын экспорттук потенициалынын көрсөтүлүшүнө, ишенимдүү өнөктөштөрдү табууга жана соода-экономикалык мамилелердин өсүшүнө шарт түзөт деген ишенимди билдиргим келет.
Маектешкен
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
«Кыргыз Туусу»