Башкы беткеМаанилүү«Эсимде» бийиктикте

«Эсимде» бийиктикте

Кыргызстандык режиссерлордун «Эсимде» тасмасы «Евразия — Кинофест» фестивалындагы «Баатырлар убагы» сынагында 1-орунду алды.

Эльзар Кадырматов менен Бектурсун Арзыматовдун колунан чыккан эмгекте Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы окуялар чагылдырылган. Эки кыргызстандык режиссер Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы окуяларды чагылдыруу менен бирге өз көз караштарын берүүгө аракет кылышкан.

Режиссерлордун бири Элзар Кадырматов Улуу Ата Мекендик согуш темасы дайым кызыгуу жаратып келгенин белгиледи.

«Менин чоң атам согушка катышкан. Аскердик формасын кийгенде көз карашы да өзгөрүп калар эле, мени ушул көз карашы сүрдөтчү», — деди ал.

Ал эми Бектурсун Арзыматов: «Кыргызстанда таланттуу жаштар арбын, мындай аянтчалар бизге өнүгүүгө, өзүбүздү көрсөтүп, башка мамлекеттерден келген катышуучуларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет», — дейт.

Сочидеги «Евразия-Кинофест» фестивалы 26 мамлекеттин кино ишмерлеринин башын бириктирди.

А. АКИМБАЕВА

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар