24-июнда Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулерди «Ынтымак Ордодо» кабыл алды.
Жолугушуу Данияр Амангельдиевдин 2025-жылдын 13-16-май күндөрү Лондонго болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгын талкуулоого жана кыргыз-британ эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн мындан аркы багыттарын аныктоого арналды.
Данияр Амангелдиев элчи Боулерге сапарды уюштурууга көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө үчүн өтө жемиштүү жана маанилүү мүнөзгө ээ экендигин баса белгиледи.
Өз кезегинде элчи Боулер Данияр Амангельдиевди евробонддордун ийгиликтүү чыгарылышы менен куттуктап, бул Кыргыз Республикасынын эл аралык инвесторлор үчүн инвестициялык жагымдуулугунун жогорулагандыгынын далили болуп саналат деп белгиледи.
Өзгөчө көңүл Улуу Британиянын экспорттук-кредиттик агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара аракеттенүү маселелерине бурулду. Данияр Амангелдиев UKEFтин инструменттерин Кыргызстандагы артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо үчүн натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгилеп, UKEF менен ыкчам өз ара аракеттенүүнү жолго коюу боюнча Экономика жана коммерция министрлигине Финансы министрлиги менен биргеликте үч күндүн ичинде кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун, ошондой эле алдыңкы компаниялардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү тапшырды.
Тараптар ошондой эле Concrete Canvas компаниясы менен ийкемдүү бетон кездемеси боюнча кызматташуу долбоорунун жүрүшүн талкуулашты.
Элчи Боулер Улуу Британиянын Кыргызстан менен агросекторду өнүктүрүүдө активдүү кызматташууга жана республиканын аймагында энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр экендигин билдирди.
Тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө багытталган конструктивдүү диалогду улантууга болгон эки тараптуу умтулууну ырасташты.