Башкы беткеМаанилүүБорбор калаадагы Нооруз майрамына Адылбек Касымалиев катышты

Борбор калаадагы Нооруз майрамына Адылбек Касымалиев катышты

Кыргызстандын башкы аянтында Нооруз майрамы кеңири масштабда белгиленип, ага Адылбек Касымалиев катышты. Салтанаттуу иш-чаранын алкагында ал өлкө жарандарына, борбор калаанын конокторуна жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнө кайрылып, Нооруз — тынчтыктын, биримдиктин жана руханий тазалыктын символу экенин баса белгиледи.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы бул майрам улуттук чек араларга карабастан элдерди бириктирип, бай маданий мурасты сактоого өбөлгө түзөрүн айтты. Ал ошондой эле акыркы жылдары өлкөдө жетишилген маанилүү ийгиликтерге токтолуп, 2025-жылы мамлекеттик чек аранын толук жөнгө салынышын тарыхый жетишкендик катары белгиледи.

Экономикалык көрсөткүчтөргө ылайык, ички дүң продукт 2 триллион сомго жакындап, мамлекеттик бюджет 1 триллион сомдон ашты. Бул каражаттар экономиканы өнүктүрүүгө жана калкты колдоого багытталууда. Айыл чарбасына бөлүнгөн 38,5 миллиард сом 500 миңге жакын дыйканга жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, өлкөдө социалдык саясатка өзгөчө көңүл бурулууда. Ипотекалык программалар кеңейип, 2026-жылы 20 миңге жакын үй-бүлө турак жай менен камсыздалары күтүлүүдө. 1-июндан тарта 3 жашка чейинки бардык балдар үчүн “Бала ырысы” жөлөкпулу киргизилип, мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин айлыгы жогорулатылат.

Адылбек Касымалиев коомдогу негизги баалуулуктар катары чынчылдыкты, ишенимди жана диалогду белгилеп, билимдүү коом гана ийгиликке жетерин айтты. Ал Кыргызстан тынчтыкты, туруктуулукту жана ынтымакты тандаган өлкө экенин өзгөчө баса белгиледи.

Нооруз майрамынын алкагында борбордук аянтта боз үйлөр тигилип, улуттук тамак-аштар, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү уюштурулуп, чыгармачыл топтор тарабынан бай маданий программа тартууланды.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар