whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.01.2026
-13.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарКараколдо жолдорду оңдоодо мамлекетке 28 млн. сом зыян келтирилген

Караколдо жолдорду оңдоодо мамлекетке 28 млн. сом зыян келтирилген

Каракол шаарынын муниципалдык жол чаба ишканасынын мурдагы директору жана курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө Каракол шаарынын негизги көчөлөрүн капиталдык оңдоодо жана сатып алууда мыйзам бузуулар аныкталды.

Алсак, Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын экс-директору Д.Э.Э. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2023-жылдын августунда Жакыпов көчөсүнүн 660 метр капиталдык ремонтуна «Г-У» ЖЧКсынын жетекчиси Г.Ш.Г. менен биргеликте 24,5 млн сом суммасында сатып алуу жол-жоболорун бузуу менен түз келишим түзгөн.

Мындан тышкары, аталган участоктогу оңдоо иштери сапатсыз материалдарды колдонуу менен, ошондой эле 3 млн 62 миң сомго жумуштун көлөмүн жогорулатуу менен аткарылып, жыйынтыгында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын мурдагы директору Д.Э.Э. жана курулуш ишканасынын жетекчиси Г.Ш.Г. кармалып, 2 айга Каракол ШИИБдин тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар