whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
17.06.2025
35.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарТашиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, төрөт үй курду

Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, төрөт үй курду

Президент Садыр Жапаров Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, анын ордуна мамлекетке төрөт үйүн куруп бергенин билдирди. Бул тууралуу ал 13-майда Сузак районундагы Чокмор айылындагы жаңы төрөт үйүнүн ачылышында сүйлөп жатып айтты.

«Мурун чиновниктер менен байлар акчаларын чет өлкөгө чыгарып, ошол жактан үй салып, бизнес ачып кетишчү. Азыр деле кайтып келе албай жүргөндөр бар. Ал эми Ташиевдер үй-бүлөсү мунай базасын сатып, ошол акчаны өз элине жумшап, ушул ооруканадай изги ишке салды. Бул — чыныгы үлгү, чыныгы патриотизм»-

деген Жапаров.

Маалым болгондой, жаңы төрөт үйү 75 орундуу төрөт бөлүмү жана 75 бала ылайыкташкан оорукана курууга 570 миллион сом каражат сарпталган.
Ага Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин апасы Алийма Ташиеванын ысымы ыйгарылган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар