Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыРоссияда WhatsApp’ты толук бөгөттөө каралып жатат

Россияда WhatsApp’ты толук бөгөттөө каралып жатат

Россияда дүйшөмбү күнү WhatsApp мессенджеринин ишинде олуттуу мүчүлүштүктөр катталды. Колдонуучулар билдирүүлөрдүн жай жетип жатканына жана сервистин туруктуу иштебей калганына нааразы болушууда.

Сбой.рф порталынын маалыматына ылайык, 22-декабрдын кечине карата 4,5 миңге жакын даттануу катталган. Алардын жарымынан көбү Москва шаарынан түшкөн. Ал эми Downdetector сервиси өлкөнүн ондогон аймактарында WhatsApp’ка кирүүдө көйгөйлөр бар экенин көрсөтүүдө.

РБК телеканал рыногундагы булактарга таянып жазгандай, мессенджердеги билдирүүлөрдүн алмашуу ылдамдыгы 70–80 пайызга чейин төмөндөгөн. Маалыматка ылайык, бул жагдайга россиялык байланыш операторлорунун тиешеси жок.

Бул маалыматка комментарий берген Роскомнадзордун өкүлдөрү ведомство мессенджерге карата чектөө чараларын улантып жатканын билдиришти. Алар WhatsApp Орусиянын мыйзам талаптарын аткарбай турган болсо, сервисти толук бөгөттөө мүмкүн экенин эскертишти. Роскомнадзордун айтымында, бул чаралар өлкө аймагында кылмыштардын алдын алуу максатын көздөйт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар