АКШ президенти Дональд Трамп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге бир нече белек жөнөттү. Алардын арасында Ак үйдүн символдук ачкычы жана Дональд Трамптын өз кол тамгасы коюлган бейсболка бар. Бул тууралуу Казакстан президентинин басма сөз катчысы Руслан Желдибай билдирди.
Маалыматка ылайык, белектер Вашингтондо Казакстандын АКШдагы элчиси Магжан Ильясовдун ишеним грамотасын тапшыруу аземинин алкагында өткөрүлүп берилген.
Дональд Трамп элчи менен баарлашуу учурунда 2025-жылдын ноябрь айында Овалдык кабинетте өткөн Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушуусун жылуу маанайда эскерген.
«АКШ президенти Казакстандын мамлекет башчысына жеке жылуу каалоо-тилектерин жолдоп, ага болгон урмат-сыйын билдирип, Касым-Жомарт Токаевди эл аралык процесстерди терең жана салмактуу түшүнгөн тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер, мыкты адам катары мүнөздөдү», — деп айтылат билдирүүдө.


