Активдүү жана прагматикалык дипломатия

Соңку беш жылдык Кыргыз Республикасынын тышкы саясатында жаңы доордун башаты. Ал эми 2025-жыл Кыргызстандын тышкы саясатындагы маанилүү окуялар менен коштолду. Конституцияга ылайык, президент ички жана тышкы саясатты аныктайт. Улуттук лидер Садыр Жапаровдун терең ойлонулган кадамдары эл аралык аренада ийгиликтерди камсыз кылды.

Биринчиден, стратегиялык багыттар так аныкталды. Кыргызстандын кызыкчылыктары – тышкы саясаттын анабашы деген стратагема биздин дипломатияда үстөмдүк кылды. “Биз эч ким менен тирешпейбиз, биз эч кимге бейчеки тийишпейбиз. Биз өз суверенитетибизге шек келтирбейбиз. Биз дээрлик бардык өлкөлөр менен өз ара пайдалуу, тең ата кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзөбүз. Кыргызстан тынчтыкты жана коопсуздукту жактаган жооптуу мамлекет. Кыргызстан экономикалык кызматташтыкты жана сооданы саясатташтырууга каршы”.

Президент мына ушул жөнөкөй жана так позицияны анык жана потенциалдуу, алыс жана жакын өнөктөштөргө туура жана ишенимдүү жеткире алды, этият түшүндүрдү. Садыр Жапаровдун Чыгышта жана Батышта, Азияда жана Европада чет мамлекеттердин лидерлери менен жолугушууларынын динамикасы өтө жогору болгонун аналитиктер белгилешет. Андан тышкары өкмөт башчыларынын, министрлердин деңгээлиндеги контакттар да майнаптуу, соода-экономикалык алакалар ургаалдуу болгону талашсыз. “Барды, келди, жолукту” деген расмий маалыматтардын, кол кармашкан сүрөттөрдүн артында нечен түрдүү дискуссиялар болду, аяр жана ачык билдирүүлөр, көп маанини туюнткан ишараттар жасалды, конкреттүү инвестициялар тартылды.

Бир эле мисал, трансулуттук масштабдагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо, ага өнөктөштөрдү көндүрүү, бейкапар эмес кубаттуу мамлекеттерди ынандыруу, каражат табуу – бир жолку сапар менен бүтпөй турган чоң иш, көп аракеттин жемиши.

Экинчиден, аймактагы тынчтыктын жана коопсуздуктун пайдубалы бекемделди. 2025-жылдагы эң ири жетишкендик – бул Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара проблемасынын оң жана биротоло чечилиши болду. Соңку төрт жылдан бери чек ара жаңжалына байланыштуу эки өлкөнүн мамилеси кескин начарлап, ок атылып, улам жаңжал чыгып, чек ара жабылып, алака-катыш дээрлик токтоп турган эле. Быйыл 13-мартта Бишкекте Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Биргелешкен билдирүүгө, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул тажик лидеринин мамиле начарлаган көп жылдан бери биринчи мамлекеттик сапары эле. Чек ара келишимине чейин мамлекет башчысы Садыр Жапаров жана анын саясий-дипломатиялык командасы, айрыкча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен кайра-кайра оор, татаал сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Натыйжада эки коңшу мамлекеттин ортосундагы чек араны чыр-чатактын себебинен достуктун, тынчтыктын жана соода-экономикалык тыгыз кызматташтыктын аймагына айлантууга укуктук, саясий бекем негиз түзүлдү. Ал эми 31-мартта президенттер Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын тогошкон чекити жөнүндө келишимге жана үч мамлекеттин ортосунда түбөлүк достук тууралуу Кожент декларация-сына кол коюшкан. Коңшу мамлекеттер ортосундагы мындай тарыхый чечимдер жана келишимдер чек аралаш мамлекеттер үчүн же бүтүндөй Борбор Азия үчүн гана эмес, жалпы дүйнө үчүн чоң мааниге ээ.

Борбор Азия мамлекеттеринин коопсуздугу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы үчүн таасири эбегейсиз экендиги талашсыз. Аталган келишимдерди Бириккен Улуттар Уюму, Ислам конференция уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Европа Шериктештиги сыяктуу эл аралык уюмдар жана бирикмелер, Россия, АКШ, Кытай, Түркия сыяктуу ири өлкөлөр кубаттап, колдоосун билдиришкен.

Дипломатияда сөз менен иш дал келиши абзел. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбул шаа-рына түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын төрагалыгы алдында өткөн түрк мамлекеттеринин саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы” деген платформаны түзүү идеясын көтөргөн. Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чек араларын чечип, достук аймагына айлантуу аракети ошол идеяны ишке ашыруунун пайдубалы.

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити демилгелеп, Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте К. Дыйкамбаев атындагы дипломатиялык академияда 21-ноябрда өткөргөн илимий конференцияда Кыргызстандын Президентинин тынчтык платформасы тууралуу идеясын илгерилетүүнүн маданий, экономикалык, гуманитардык жагдайларын бекемдөө зарылдыгы белгиленди.

Үчүнчүдөн, Кыргызстан жоопкерчи-ликтүү жана ачык тышкы саясат аркылуу кызыкчылыктар балансына жетишүүгө көп аракет жумшады жана майнаптуу иштерди аткара алды. Ири жана кубаттуу мамлекеттердин улам күчөгөн амбициялары, кыл чайнашкан геосаясат, күнүгө кубулма эл аралык кырдаал превентивдүү жана ийкемдүү саясат жүргүзүүнү шарттады. Кубаттуу геосаясий оюнчулар, алардын тарапташтары, аймактагы мамлекеттер, традициялуу өнөктөштөр ортосунда карама-каршылыктар болуп келген, дагы болмогу анык. Дүйнө эч качан жөнөкөй болгон эмес. Айрыкча соңку мезгилде дүйнөлүк тартипке доо кетип, эл аралык аренада улам жаңы, татаал проб-лемалардын пайда болушу менен, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына шайкеш саясат жургүзүү кылдын учундагы, кылыч мизиндеги опурталдуу иш экени түшүнүктүү. Бирине тартсаң, экинчиси тескери карайт, эл аралык форумдарда тигил же бул чырлуу маселе, позициялар маселеси, талаштын предмети, пикир келишпестиктин себеби же натыйжасы. Маселен, орус-украин жаңжалынан улам салынган санкциялар. Кыргыз лидери Садыр Жапаровдун бул татаал проблема тууралуу таамай пикири санкцияларды демилгелеген айрымдарга жакпаганы менен, жалпы эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ болгону факт. Кыргызстандын Президентинин быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясындагы тарыхый сөзүндө Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так аткарып келгенин белгилеп, санкция салган же санкцияны кыйгап өттүңөр деп кине таккан мамлекеттер өздөрү санкцияга салган Россия менен жигердүү соода жүргүзүп жатканын ташка тамга баскандай кашкайта көрсөттү. Ушуну менен Президент бир беткей санкциянын натууралыгын көрсөтүп гана тим болбостон, эл аралык мамилелелерде калыстык жана адилеттик принцибин сактоо зарылдыгын бекем айтты.

Төртүнчүдөн, Кыргызстан эл аралык актуалдуу маселелерде калыс позициясын так билдирип, көпчүлүктү түйшөлткөн жагдайлар боюнча акыйкат көз карашын туюнтту. Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 80-мааракелик сессиясындагы сөзү сырткы коомчулукка катуу таасир этти, кыргыз журтунда өз өлкөсүнүн президенти үчүн сыймыктануу сезимин жаратты. Көйкашка президент Жон Кеннединин “Тынчтыктын стратегиясы” деген сөзүндөй эле таасир калтырды көпчүлүккө. Ошол тарыхый сөзүндө Кыргызстандын лидери жалпы дүйнөдөгү тынчтык маселесинде буга чейин мамлекет башчылары же саясатчылар ачык айтууга даабаган же оозангысы келбеген, бирок баарына жакшы белгилүү аксиомалык чындыкты даана айтканы коомчулуктун кызыгуусун жаратты:

“Дүйнөнүн чар тарабында, ар бир булуң-бурчунда – Европада, Жакынкы Чыгышта, Африкада жана Азияда жаңы куралдуу кагылыштар жана согуштар тутанууда. Миллиондогон адамдар үй-жайынан ажырап, өз жерин таштап качууга аргасыз. Миллиондогон адамдар курман болууда. Жапа чеккендер кимдер? Негизинен карапайым эл! Алардын өлүмүнөн акча жасагандар – булар дүйнөлүк саясатчылар”. Калети жок, тарых тастыктагандай, жаңжалдарды ири жана кубаттуу мамлекеттер баштайт, эрежелерди адегенде ошолор бузат. “Эл аралык мамилелер мамлекеттердин жашоо үчүн күрөшү, кыйындары гана жашап кетет” деп жаңы “дарвинизм” кубаттуу мамлекеттер үчүн саясий идеологемага айланып бараткан сыяктуу. “Жеңүүчүгө сот жок, жеңилгенге убал жок” деген өкүмзор кеп айрым саясатчылардын туу туткан принцибине айланып барат окшобойбу. Ошондуктан ири жана кубаттуу мамлекеттердин жана алардын элитасынын адамзаттын тагдыры алдында жоопкерчилигин эске салуу кажет. Согушту согуш деп атагысы келбей, сыйпалатып кеп кылып калган заманда мындай аныктаманын БУУнун трибунасынан айтылышы – жүрөктүүнүн иши.

Ал эми биздин Президенттин Африка континенти тууралуу сөзү ушул континенттин азыркы тагдыры, келечектеги ролу тууралуу чындыкты чагылдырат. “Африканын эбегейсиз кен-байлыктары Африканын тез өнүгүүсүнө жана өз кызыкчылыктарына жумшалышы керек” деген тезиси Африкага гана эмес, байлыкка мол, бирок анын пайдасынан кур жалак жакыр өлкөлөргө карата мамиленин парадигмасы болууга жарактуу чакырык.

Бешинчиден, Бишкектин регионалдык жана глобалдык иштерде лидерлигин дүйнөлүк коомчулук моюнга алууда, Кыргызстанга болгон ишеним артууда. Бул активдүү аракеттердин жемиши. Кыргызстан 2025-жылы ири регионалдык уюмдарга төрагалык кылды. Маселен, Шанхай кызматташтык уюмуна, Түрк мамлекеттеринин уюмуна, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Бишкектин быйылкы төрагалыгы масштабдуу жана изги иштер менен ко толду.

Жүргүзүлгөн жигердүү дипломатиянын натыйжасында Кыргызстан перифериядагы чакан мамлекет синдромунан кутулуп, чечүүчү роль ойноого жарактуу оюнчуга жана эл аралык мамилелелерде объекттен субъектке айланууда. Кыргызстан эл аралык масштабдагы демилгелердин ээси. Бишкектин Тоо күнү, Ак илбирстин күнү сыяктуу эл аралык демилгелери дүйнөлүк деңгээлде колдоо тапты. Кыргызстан демилгелеген Ак илбирстин эл аралык күнү 23-октябрда биринчи ирет бүткүл дүйнөдө белгиленди.

Эмдиги жылга Тоо экосистемасы боюнча Бишкек+25 дүйнөлүк саммити белгиленип, ага дүйнөнүн лидерлери жана эл аралык уюмдар чакырыла баштады.

Дүйнөлүк тартипке доо кетип, эл аралык укуктун жоболору толук сакталбай, эски чакырыктарга жаңылары кошулуп, адамзат түйшөлүп туру. Дал ушул маселелерди интеллектуалдык аянтта кенен талкуулап, алгылыктуу сунуштарды иштеп чыгуу максатында Ынтымак Ордо 2026-жылы июнь айында акылгөйлөрдүн бүткүн дүйнөлүк шеринесин уюштурганы турат. Албетте, бул эл аралык үлкөн иш чара Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көл шеринесинин 40 жылдыгына тушташ өткөнү турат. Бул Кыргызстан дүйнөлүк маанидеги демилгелердин жана изги окуялардын ородосу болууга астейдил ниетинин бир көрүнүшү.

Кыргызстан дүйнөлүк маселелерди чечүүдө четте турбайт. БУУнун Келечек пакты, аны толуктаган келечек муун үчүн декларациясы жана Глобалдык санарип келишимин иштеп чыгуу ишине Кыргызстан жигердүү катышканы белгилүү.

Бишкек БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2026-2027-жылдарга убактылуу мүчөсү болууга ынтызарлыгын расмий жарыя кылды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин мүчөлүгүнө умтулуу-сун аргументтер менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-мааракелик сессиясында билдирип, Бишкектин тынчтыкты орнотууга, коопсуздукту камсыз кылууга жана ар кандай жаңжалдарды чечүүгө бай тажрыйбасы жана моралдык-саясий укугу бар экенин белгилеген эле. Коопсуздук Кеңешине мүчөлүк Кыргызстанга эл аралык маселелерге тике катыштыгын көрсөткөн кадамдардын бири, биздин өлкөнүн жаратман дипломатиялык ролун бекемдөөчү аспап, БУУнун чакан мамлекеттердин пикирин эске алуусун шарттаган көрүнүш.

Алмаз ОКИН, “Кыргыз Туусу

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз