Жол курууда рекорд: быйыл 1 545 чакырым жол асфальтталды

Быйыл Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол куруу боюнча белгиленген планды ашыгы менен аткарып, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Ведомствонун маалыматына ылайык, стратегиялык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автожолдорду курууга, ошондой эле эл аралык транспорттук коридорлорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Акыркы беш жылда асфальтталган жолдордун көлөмү туруктуу өсүүдө. Тактап айтканда, 2021-жылы 175 чакырым, 2022-жылы 488,4 чакырым, 2023-жылы 673,8 чакырым, 2024-жылы 802 чакырым жол пайдаланууга берилсе, 2025-жылы бул көрсөткүч 1 545 чакырымга жетти. Бул жылга карата планда 1 000 чакырым жол куруу каралган болчу.

Жол тармагындагы мындай жогорку көрсөткүч өлкө жетекчилигинин колдоосу, инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган ырааттуу мамлекеттик саясат жана тармактагы реформалардын натыйжасында мүмкүн болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз