Ошто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт

0
3185

5–6-март күндөрү Ош шаарынын борбордук аянтында «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар айыл чарба тармагындагы акыркы инновациялар, климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан заманбап технологиялар жана туруктуу өнүгүү чечимдери менен тааныша алышат.

Көргөзмөнүн программасында:

  • айыл чарба техникаларынын жана жаңы технологиялардын демонстрациясы;
  • сапаттуу үрөндөрдүн жана көчөттөрдүн көргөзмөсү;
  • көчөт тандоо жана отургузуу боюнча мастер-класстар;
  • тамчылатып сугаруу системалары, санарип суу платформалары жана «жашыл» энергия булактары;
  • айыл чарбасын каржылоо жана лизинг мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалыматтар.

Мындан тышкары, келген коноктор үчүн адистердин кеңештери, баалуу белектер ойнотулуучу лотереялар жана шоу-программа уюштурулат.

«Агроэкспо-2026» агробизнес өкүлдөрү, фермерлер жана тармактык адистер үчүн тажрыйба алмашууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга жана кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ири аянтча болуп саналат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз