Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүсүн атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Маалыматка ылайык, иш-чаралар Төө-Ашуу ашуусунда уюштурулат. Буга байланыштуу жерине № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, кызматкерлер кырдаалга ыкчам чара көрүүгө даяр турушат.
Саат 09:00дөн тарта Сосновка постунан оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.
Министрликтин маалыматына караганда, өлкөнүн башка унаа жолдорунда каттам ачык.
Учурда жол тейлөө кызматтары кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.


