«Борбор Азия – Улуу Британия» форматы системалуу диалог түзүүгө багытталат

0
13234

Күн мурун Лондон шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбор Азия – Улуу Британия» («C5+UK») форматындагы министрлердин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Иш-чарага Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери, ошондой эле Улуу Британиянын Тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорттук жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Катышуучулар «C5+UK» форматы системалуу диалогду түзүүгө жана практикалык чараларды иштеп чыгууга багытталган маанилүү платформа болуп каларын белгилешти.

Өз сөзүндө Жээнбек Кулубаев Борбор Азияны Азия менен Европанын ортосунда жайгашкан, ресурстарга бай жана кең транзиттик мүмкүнчүлүктөрү бар стратегиялык аймак катары мүнөздөдү. Ал Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүсү аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөр менен соода-инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө шарт жаратарын белгиледи.

Министр Улуу Британия менен соода, энергетика, транспорт жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөтүп, «C5+UK» форматынын натыйжалуулугу конкреттүү инвестициялык долбоорлор жана билим берүү программалары аркылуу аныкталарын айтты.

Ошондой эле ал Улуу Британия тарабынан киргизилген санкциялар маселесине токтолуп, бир тараптуу чектөө чаралары Борбор Азия өлкөлөрү менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык жана финансылык кызматташтыкка терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенине тынчсыздануусун билдирди. Кыргыз тарап эл аралык экономикалык байланыштарды саясатташтырууга каршы экенин жана өз ара алгылыктуу чечимдерге жетишүү үчүн ачык диалогго даяр экенин белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз