Кечээ Ооган аскерлери Пакистанга чабуул койду. Бул чабуулду Ооганстанды учурда башкарып турган “Талибан” кыймылы “Ооганстандын Нангархар жана Пактика аймактарына Пакистан тараптан жекшембиде абадан жасалган чабуулга жооп катары кеңири масштабдагы куралдуу операция” деп атады. “Талибан” кыймылынын расмий өкүлдөрү билдиргендей, эки өлкөнүн чек арасындагы пакистандык блокпостторго чабуул жасалып, алардын он бешин талибдер ээлеп алды. Пакистан тарап азырынча комментарий бере элек.
Эске салсак, жекшембиде Пакистан аскер аба күчтөрү Ооганстандагы террорчулардын базасына сокку урган. Натыйжада 80 согушкер жок кылынган. Бул чабуулду Исламабад талибдердин жан кечтилеринин Пакистандагы соңку террорчул аракеттерине жооп иретинде жасалганын билдирген эле.
Исламабад “Талибанды” Пакистандын аймагында террорчул актылар үчүн дайыма айыптап келет. Баарынан кызыгы, талибдер 2001-жылы жеңилгенде, Пакистанга качып барып, баш калкалашкан. 2007-жылы Пакистандагы талибдер күчкө толуп, «Техрик-е Талибан Пакистан» деген кубаттуу согушкер уюм түзүшкөн. Анын биринчи жетекчиси Байтулла Мехсуд кийин жок кылынган, ал премьер-министр Беназир Бхуттого кол салууну уюштурган деп эсептелинет.


