АКШ жана Иран делегациялары ирандык өзөктүк программа боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу Axios басылмасы жазды.
Жолугушуу 26-февралда Женева шаарында өттү. АКШ тараптан Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер катышса, Иранды өлкөнүн тышкы иштер министри Аббас Арагчи өкүлчүлүк кылды. Сүйлөшүүлөр эртең менен жана кечинде эки сессия форматында бир нече саатка созулган.
Маалыматка ылайык, эртең мененки жолугушуудан кийин америкалык өкүлдөр жыйынтыкка канааттанбаганы айтылган. Бирок кечки отурумдан соң АКШнын жогорку даражалуу өкүлү сүйлөшүүлөр «позитивдүү» нукта өткөнүн билдирген.
Эртең мененки сессияда Иран өзөктүк келишимдин долбоорун сунуштаган. Ирандык булактардын маалыматына караганда, Тегеран уранды байытууну чектелген мөөнөткө токтотууга даяр, бирок толук баш тартуу, өзөктүк объектилерди демонтаж кылуу же уран корун өткөрүп берүү каралган эмес. Долбоордо уран запастарын төмөн деңгээлде байытылган көлөмгө чейин кыскартуу жана аны Эл аралык атом энергиясы агенттигинин көзөмөлүндө сактоо сунушталган.
Иран тарап ошондой эле өзөктүк куралга ээ болбой турганын билдирген, бирок кандай гана келишим болбосун АКШнын санкциялары жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциялары толук жокко чыгарылган шартта гана мүмкүн экенин белгилеген.
Сүйлөшүүлөргө ортомчу болгон Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди тараптар «олуттуу жылышка» жетишкенин айткан. Анын маалыматына караганда, консультациялар Вашингтон жана Тегеранда улантылат.
Аббас Арагчи Женевадагы жолугушууну «эң олуттуу жана эң узак сүйлөшүүлөрдүн бири» деп мүнөздөдү.
АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн мамилеси чыңалган шартта өтүүдө. Басылманын маалыматына ылайык, айрым америкалык саясатчылар бул жолугушууну дипломатия үчүн акыркы мүмкүнчүлүк катары баалашууда.


