«Кыргызстан аялдарынын энциклопедиясы» 9-томунун бет ачар аземи болду

0
15817

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Аялдардын эл аралык күнүнө жана «Кыргызстан аялдарынын энциклопедиясы» 9-томунун бет ачарына арналган иш-чарада куттуктоо сөз сүйлөдү.

Өз кайрылуусунда ал кыргыз аялдарынын салттарды сактоочу, жаратуучу жана шыктандыруучу катары өзгөчө миссиясын белгилеп, алардын коомдогу ордуна жогору баа берди.

Мамлекеттик катчы Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен демилгеленген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу багытында активдүү иштер жүрүп жатканын маалымдады.

«Анын маңызы – ар бир иш-аракетибиз элибизди дүйнөлүк бийиктикке жакындатышы керек. Уңгужолдун алкагында кыргыз маданиятындагы ренессансты, “Кыргыз ренессансын” жаратышыбыз зарыл. Биз аялзатынан чыккан XXI кылымдын залкарларын – Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Бүбүсара Бейшеналиева, Күлүйпа Кондучалова, Таттыбүбү Турсунбаева, Динара Асанова сыяктуу жаңы муундун өкүлдөрүн көргүбүз келет. Тарыхтын талабы ушундай», — деди ал.

Арслан Койчиев кыргыз аялдары улуттун уңгусу, үй-бүлөнүн жүрөгү жана коомдун күчү экенин баса белгиледи. Энелердин ак сүтү, эжелердин мээрими, кыздардын үмүтү — өлкөнүн жаркын келечегинин негизи экенин айтты.

Ошондой эле ал «Кыргызстан аялдарынын энциклопедиясы» 9-томунун жарык көрүшү аялдардын ар кыл тармактардагы жетишкендиктерин таануу жана кийинки муундарга үлгү калтыруу багытындагы маанилүү кадам экенин белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Мамлекеттик катчы бардык айымдарды майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакыт-таалай, чыгармачылык дем жана жаңы ийгиликтерди каалады.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз