Мамлекет 3% менен асыл тукум мал чарбасына жеңилдетилген насыя берет

0
4873

Мамлекет асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн жылдык 3% үстөк менен жеңилдетилген насыяларды бере баштады. Каржылоо Элдик Банк аркылуу ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан программа агрардык сектор үчүн эң жеткиликтүү каржы инструменттеринин бири болуп саналат. Насыяны асыл тукум заводдор, Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге кирген фермердик чарбалар, мал жана уруктандыруу техникасын импорттоочулар ала алышат.

Каражат асыл тукум мал сатып алууга, чарбаларды модернизациялоого, мал чарба объектилерин курууга жана жаныбарларды багуунун жаңы технологияларын киргизүүгө багытталат.

Жеңилдетилген насыялар малдын генетикалык потенциалын жакшыртууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган. Программа алатау, герефорд, голштин, симментал, айшир, бура швиц жана галловей сыяктуу ири мүйүздүү мал породаларын көбөйтүүнү колдойт.

Карыз алуучулар үчүн 6 айлык жеңилдетилген мөөнөт каралган. Чарбалар үчүн насыянын максималдуу суммасы 20 млн сомду, ал эми техник-уруктандыруучулар үчүн 2 млн сомду түзөт. 500 миң сомго чейинки насыялар күрөөсүз берилет. Күрөө жетишсиз болгон учурда фермерлер Кепилдик фондду аркылуу колдоо ала алышат.

Насыялоо мөөнөтү 60 айга чейин каралган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз