Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан менен кеңейтилген жолугушуу өткөрдү. ЕБ өкүлү Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген.
Жолугушууда тараптар санкциялык тематика боюнча пикир алмашууну улантышты. Данияр Амангельдиев Кыргыз Республикасы тобокелдиктерди башкарууга прагматикалык жана профессионалдык негизде мамиле кыларын белгилеп, тышкы экономикалык операцияларда комплаенс, финансылык мониторинг жана ачык-айкындуулук чаралары ырааттуу күчөтүлүп жатканын билдирди.
Кыргыз тарап экспорттук жана финансылык көзөмөлдүн натыйжалуулугу тышкы экономикалык чынжырдын бардык катышуучуларынын, анын ичинде европалык экспортчулардын да бөлүштүрүлгөн жоопкерчилигин талап кыларын белгиледи. Европалык жеткирүүчүлөрдүн экспорттук-контролдук талаптарды так аткаруусу, контрагенттерди тийиштүү текшерүү, бүтүмдөрдү туура документтештирүү жана товарлардын акыркы колдонуучусу боюнча толук маалымат берүү зарылдыгы баса белгиленди.
Финансы секторуна өзгөчө көңүл бурулуп, коммерциялык банктардагы көзөмөл механизмдерин күчөтүү боюнча практикалык кадамдар тууралуу маалымат берилди. Анын ичинде операцияларды комплекстүү текшерүү жана талаптарды бузуу тобокелдиги бар транзакцияларды бөгөттөө чаралары камтылган.
Ошондой эле тараптар тобокелдиктерди баалоонун түшүнүктүү жана ачык-айкын механизмдерин иштеп чыгуу, бирдиктүү критерийлерди макулдашуу жана чечим кабыл алууда ишенимдүү маалыматтарды колдонуу маанилүү экенин белгилешти. Айрым коммерциялык банктарга карата чектөө чараларын этап-этабы менен жөнгө салуу боюнча биргелешкен иш-чаралар планын даярдоо жана техникалык өз ара аракеттенүүнүн форматын аныктоо зарылдыгы айтылды.
Өз кезегинде Европа Биримдигинин өкүлү Дэвид О’Салливан кыргыз бийлигинин ачыктыгын жана сезимтал маселелер боюнча түз диалогго даярдыгын жогору баалады. Ал бул транспаренттүүлүк европалык институттар жана эл аралык коомчулук үчүн ишенимдин маанилүү фактору экенин белгиледи.
О’Салливан кыргыз банктарын санкциялык тизмеден чыгаруу жана келечектеги финансылык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча мындан аркы техникалык кызматташууга байланыштуу конкреттүү сунуштар жөнөтүлгөнүн маалымдады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар практикалык диалогду жана иш тартибиндеги байланыштарды улантууга даяр экендиктерин ырасташты.


