Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭнергетикалык коопсуздукту камсыздоо чаралары күчөтүлдү

Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо чаралары күчөтүлдү

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды күчөтүүдө. Өлкөдө жаңы гидроэлектростанциялар, күн жана шамал электр станцияларын куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

 

Маалыматка ылайык,  мурдагы ири ГЭСтер дагы жаңыланып жатат.

Д.Орунбеков билдиргендей, Токтогул ГЭСинде ар биринин кубаттуулугу 300 МВт болгон төрт агрегат бар. Алардын үчөөндө реконструкция иштери аяктап, ар бирине дагы 60 МВт кубаттуулук кошулуп, ГЭС жалпысынан 180 МВтка кубаттанды. Быйыл ноябрь айында төртүнчү агрегаттагы реконструкция иштери бүткөндөн кийин, жалпы кошулган кубаттуулук 240 МВт болот. Мурун Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВт болсо, реконструкциядан кийин ал 1440 МВтка жетет.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар