Арстанбектин арманы

(Башталышы өткөн сандарда)

Очок башында Борош менен Байсерке баштаган ага-туугандар, жакшы санаалаштар ары-бери чуркап, кызматта жүрүштү. Баягы бардык түйшүктү  жалгыз тарткан Төрөканга  азыр жардамчылар көп болуп чыкты. Болгондо да шатыра-шатман кыймылдашып, кудай бере турган берекесин баарына тегиз чачып таштагандай кубанышып, бири–бирине азил сөз, тамаша  айткандар да бар.

Ушулардын баарын байкап отуруп, мурунку убакта жаман  салбар атыккан Арстанбек  азыр элдин кишиси, журттун сыймыгы, ар бир сөзүн өзгөчө куштарлык менен тыңшаган  атактуу акын, колунда сыйкыры бар комузчу, күүчү экенин, алды менен мына ушул айтаарга сөз таппай, берээрге аш таппай калдаңдаган жарды-жалчы туугандардын өбөгү менен жөлөгү, таянаар тоосу  экенин биле отурду.

Кабарың күнгө кетсе да,
Жылдызга колуң жетсе да,
Жараткандын дүйнөсү
Бүт колуңа өтсө да,
Эл менен сен бийиксиң,
Элден чыксаң кийиксиң… – деп ичинен кайрып отурду Арстанбек.

Көрсө, ары-намысына эми келген Буйлаш бий атагы албан журтка таанылып бараткан уулу Анжияндан келет дегенде баягы кара алачыкты жайлоодогу малчыларга берип, Төрөканга жаңы үзүк-туурдук жабылган боз үйдү өзүнүн тогуз канат боз үйүнүн тушуна тиктириптир. Бир чети таңгалып, бир чети астапыралла деп тобо келтирип отурду акын. Анжиянда жүргөн бир жылдын ичинде заман да өзгөргөнүн, аны менен кошо өзү да түп тамырынан өзгөргөнүн сезип отурду ак таңдай.

Арстанбек деген аты калып, калк ичинде “ак таңдай”, “булбул” атанып бараткан акынга азыр таптакыр мамиле башка эле. Алыс-жакындан учурашабыз деп келген тууган-уруктун, эл-журттун бери жагы бир жума аягы сууган жок. Ар кимиси ал-жай сурап, Анжияндын эли-журтунун акыбалына, жашоо-тиричилигине кызыгып, кээкиси комуз чертип беришин суранса, дагы бири өздөрү  жаттап алган Арстанбектин ырларын кайра ага ырдап берип, айтор, акындын жерге-жээги, тууган-уругу ат тезегин кургатпай каттап турду. Төрөкандын, ага жардам эткени келген Бороончу Борош, Байсерке баштаган жакшы санаалаштардын түйшүгүнө түйшүк кошулду. Албетте, бул жакшылыктын түйшүгү, сүйүнүчтүн түйшүгү эле…

Бирок Арстанбекти түйшөлткөн, оюн онго бөлгөн иштер бир айылдын же уруунун ар кандай абыгерчиликтери, тууган-уруктун бүтпөгөн ыйкы-тыйкылары болбоду. Атагы алыска тараган сайын, айрыкча Анжиян, Коконго барып, Ош менен Алайды, өзгөн менен Аксыны аралагандан кийин Арстанбектин санаасы  кырк уруу кыргыздын оңу менен солун, түндүгү менен түштүгүн чогуу камтыды, журттун азыркы абалы эле эмес, эртеңки көрө турган күнү ойлондурду. Элдин кишиси болуп, көпчүлүк калк андан токоорто айтылган кеп-кеңеш, караңгыда жол көрсөтө турган акыл-насаат күтө турганын жаш болсо да сезбей кое албады. Бул ой менен бул санаа дал ошол Анжиян кыргыздарын аралаганда жаралды. Ал жердеги кыргыздардын турмуш акыбалы, тиричилиги бирде кубандырса, бирде ичине кызыл чок салып, боорун оорутту. Арстанбек үчүн жалпы эле  кыргыз баласынын кимдир–бирөөгө күнкор болуп, айтканын чимирилип аткарып, кызмат кылышы жат көрүнүш, макул болууга мүмкүн эмес көрүнүш эле. Анткени Арстанбек  Алайлык бир жамакчы айткандай “ак карлуу тоонун аркары, акын журттун залкары “ эле. Ал эми анын карегинде Ала-Тоолук кыргыздын азыркысы да, ал эмес эртеңкиси да ошонун тескериси болуп жатты. Кокондун кыргызга өйдөтөн карап сүйлөгөн төбөлдөрүнө качан болсо итиркейи келип карады. Ал аз келгенсип Бугу-Сарбагыш болуп көкүрөк тирешкен көлдүк кыргыздардын акыбалы көөдөнүнө андан бетер көйгөй  салды, ансыз да бала кезинен арбыса арбып, бирок эч качан азайбаган күйүттөрүнө күйүт кошту.

Акшыйрак менен Молдо–Тоонун сеңирлеринде кой жайып чоңоюп, атасы Буйлаштын  алысты көрө билбеген кесиринен улам жөн жерден санда жок салбар атыкса да, кыргыздын оңу менен солуна, кыргыз менен казакка аты аттын кашкасындай таанымал Арстанбектин азыр ар бир сөзу дары эле. Акындын азыр ар бир төкмөсү, комуз күүсү уккандын моокун кандырды, айтканы кулакка  жат сөзмөр, акылчы–даанышман болду.

Арстанбектин атасы Буйлаш менен мамилеси дагы эле болсо каны-жаны бирге ата менен баланын мамилесиндей боло албады. Өткөн замандын жаракасы, өтө  тереңге  кеткен айыңдар, кордуктар эски жараларды биротоло айыктыра албады. Анын үстүнө Арстанбектин карапайым элге жакындыгы, ар нерсеге калыстыгы, адилетсиздик менен  келишпегендиги, жагымпоздукту караманча жактырбагандыгы, атагы таш жарган атак-даңкы, ар бир кыргыз жат билген “Тар заман”  ошол кездеги төбөлдөргө, анын ичинде  Буйлаш бийге  деле  анча жага берген жок.

Жараткандын жазганы ушундай болдубу, же замандын заңы ушундай беле, айтор, Арстанбектин маанайын  көтөрө турган, демине дем кошо турган жаңылыктар ошол учурда чынында да аз эле. Акылчылардын, билермандардын койгула, токтоткула дегенине карабай ар качандан бир качан жылкы тиймей, киши өлтүрүп кун сурамай, барымта жасамай эч бир токтободу.

Азайбай ар күн  жашыма
Арманым ашты башыма, – деди айласы мукураган Арстанбек ырчы бир санатында.

Кыргыздардын ич ара кырды бычак болуп, киши өлтүрүп, кун сурашкандары ырчынын ой-тилегине, жамандык менен жакшылык тууралуу пикирлерине карама-каршы келген жат нерселер эле. Ошон үчүн бугу эли  менен сарбагыштардын токтобогон кандуу жаңжалын  Арстанбек жеке өзүнүн керт башынын азабы менен арманы катары кабыл этти. Жалпы  кыргыздын камын ойлоп, колунда бийлиги, ээрчиткен аскери болбосо да бүгүнкүсүнөн эртеңкиси чалкеш кыргыздардын ич ара кырылышып отурганы Арстанбектин жанына батты, канын бузду.

Ошол арада кимдир-бирөө Калыгул Бай уулунун кабарын Арстанбекке айтып, ал дагы кыргыздын эки тайпасынын араздашканын жактырбай турганын, аны Ормонго деле, башкаларга деле ачык айтып жүргөнүн айтты. Айтканы айткандай, дегени дегендей туура чыккан, сарбагыштардын аталыгы, эң эле абройлуу инсаны атыккан Калыгулга атайлап барып жүз көрсөтүп келиңиз деп кеңеш айткандар болду. Ошондо биринчи жолу Арстанбек айгашка жоргосун  минип, Калыгул кашкага жолугуп, учурашып келүүгө, ошону менен бирге төкмөлүк өнөрүн олуя атка конгон атактуу инсанга көрсөтүүгө Көтмалдыга жол тартты.

Калыгулдун өргөсү Ак-Өлөңдүн жай-лоосундагы Ормон хандын ордосунан обочороок тигилип, жаңы көчүп келген шиберлүү конушта экен.

Аттан түшүп, саламдашып, тааныша келгенде Калыгул тынымсейиттин даңктуу уулунун кабарын жакшы билгенин байкатты.

– Арстанбек иним, жол болсун! Куш келипсиң Калыгул агаңын эшик-төрүнө! Атыңды алыстан көп эшиттик  эле, сен деле биз сыяктуу эле эки кулак, эки көздүү азамат экенсиң, – Арстанбекти төргө чыгарып, Калыгул күтүүсүз келген конокко кубанганын жашырбай, ал–жай сурашып отурду. – Чабарман жиберип, чакыртып ала турган киши элең, сакалымды сыйлап, ат арытып өзүң келипсиң. Келгениңе шүгүр этемин, – атактуу Калыгул алыстан келген коногун астейдил кабыл алып, жаш да болсо Арстанбекти  кой дегенине болбой өзүнөн өйдөрөөк отургузду.

Калыгул деген Калыгул да, Арстанбек аттан түшөөрү менен нарк менен салттын өрнөгүн көрсөтүп, ызаат, сыйын ченебей көрсөттү. Чынында да Анжиянда туура бир жыл жүрүп, Алымбек датканы жандап, Коконду таң калтырып, аябаган чоң атак–даңкка ээ болуп, зор кадыр таап келген Арстанбек ырчы тынымсейит эле эмес, жалпы эле Тагай бийден тараган кыргыз тукумунун сыймыгы, мактанычы болуп калган кези эле. Ошол кезде оң менен солго, Теңир-Тоо менен Алай, Сарыколдун калкына тегиз таанымал жалгыз төкмө Арстанбек болчу.

Баарлаша келгенде Буйлаш бийдин уулунун талантына чындап тан берип, комузчулугуна, төкмөлүгүнө ырасында эле тең келе турган киши жок экенине Калыгулдун көзү жетти. Кудай таала сүйгөн пендесине берем десе өлчөбөй, ченебей берет экен го деди ичинен Калыгул көзү ачык. Арстанбек да Калыгулдун тубаса мырзалыгына, ар бир кебин кылдаттап, таразага тарткандай калчап, барктап-баалап туруп сөз эткенине, эткенде да ташка тамга баскандай кылып, бир уккан соң кайра сурабагандай так жана таасын сүйлөгөнү таң калтырбай койгон жок. Арстанбек айрыкча Калыгул залкардын бугу менен сарбагыштын чатагына караманча каршы экенине чексиз  ыраазы болду.

Нарындан Арстанбек ак таңдай  келгенин уккан улуу, кичүү айылдаштар  тез эле Калыгулдун боз үйүнүн тегерегине топурап чогула баштаганы билинди. Арстанбекти жок дегенде бир көрүп, аз да болсо үнүн угуп калсак дегендер чогулуп калганын сезген Калыгул даңкы далайга кеткен  коногун сырттагы элге аз да болсо тамаша, ызаат көрсөтүп, дидаарын көрсөтүп коюуну сунуш этти.  Акын каршы болбоду. Анын үстүнө менин ырым өзүм үчүн эмес, эл үчүн деп санаган Арстанбекке топураган эл  кайра  ышкысына от койчу, илхамын жандырчу, тегеректеп турган ак көз менен кара көз демине дем кошчу. Ошондой учурда,  айрыкча угуп отургандар “бали, азамат!”, ”мына, чертсе ушундай чертсин!” деп  кыйкырганда ат чабыштагы кыйкырык-чууга,  сүрөөгө элирген  тулпар сыңары ого бетер эргичү, оозуна сала берген кээ бир сөздөргө өзү да таң калчу.

Ал  күнү Арстанбек Ак-Өлөңдүн элине чын дилинен күү чертип берип, элге кенен тарап кеткен термелеринен, санаттарынан сайрап берди. Элдин алкоосун угуп, өзү да, атайын жүз көрүшөйүн деп келген Калыгул олуя да ыраазы болуп, Арстанбектин турмушунда дагы бир  айта жүрө турган, эстей жүрө турган окуя болуп өттү.

Эң кызыгы, акындын жолго чыгаар маа-лы болуп, аттанганга жуп камынган кезде Арстанбектин төкмөлүк толкунуна кошо сермелген Калыгул аксакалдык салтты сактап, акылмандык жөнү менен колун жайып, ак таңдайга ак батасын тартты:

Ырчы болсоң сынчы бол!
Зөөкүрдү чабар камчы бол.
Кургак жерге тамчы бол.
Дүлөйлөргө кулак бол,
Чөлдүү жерге булак бол.
Аргымак минген баатыр бол,
Алсыздарга жакын бол.
Күлүк минген күчтүү бол,
Күйдүргөнгө миздүү бол.
Жесирлерге жөлөк бол,
Жетимдерге көмөк бол.
Канкорлорго касап бол,
Калп айтканга мазак бол.
Ууруларга айгак бол,
Бечарага калка бол,
Беделсизге арка бол.
Жетимдерге көмөк бол,
Канкорлорго касап бол,
Калп айтканга мазак бол…
Ашта, тойдо мырза бол,
Алтыгып алкым агытпай,
Акындарга нуска бол,
Карөзгөй болбой калыс бол
Кошоматтан алыс бол…
Эрегиш чыкса элчи бол,
Эл-журтуңдун кенчи бол…
Таразанын ташы бол,
Ырчылардын башы бол…
Элдин зарын зарлап өт,
Эзелки ырын ырдап өт.
Эл көңүлун чалкытып,
Эргүү алып, жыргап өт…

Тилинде мөөрү бар, айтканы айткандай келген көзү ачыктын батасы Арстанбек үчүн чынында да өз маалында, өтө керектүү учурда берилди. Бүтүн сарбагыш уруусу эле эмес, жалпы кыргыз аттууга, он менен солго журт башчы болом деген ою бар Ормон хандын даанышманы Калыгулдун оозунан чыккан сөзү  кандай болгон күндө да маанилүү, олуттуу эле. Деле ушундай акылгөй кишинин  кыргыз жөнүндөгү, ойронуң түшкөн оторчулук  туурасындагы пикирлери эртелеп “булбул” атыккан Арстанбек үчүн бир чети жакшы жаңылык, экинчи жагынан
таалим болду. Анан калса олуянын  жалпы кыргыз калкынын азыркысы менен келечеги тууралуу ой–тилектери, зарлары  Арс-танбектин да ой пикирлери менен бирдей, бирдей болбосо үндөш чыкты.

…Бугу  менен сарбагыштын кырылышында Арстанбек эч бир тарабына жан тартпады да, аралашпады. Ошол жылдары көл жакасына көп келип, Боромбай бий менен абдан жакын болду. Көп нерседе Боромбайдын айткан-дегенине макул боло албаса да, бийдин көрөгөчтүгүнө, акылгөйлүгүнө баары бир  там берчү.  Бийдин  сырын тартып, нечен кур баарлашкан соң, ал деле Арстанбек сыяктуу кыргыз ич ара кызыл кыргын, кара сүргүн болгонуна ушунчалык күйүп жүргөнүн билди. Айласы кеткенде  Боронбай кыргыздан  тышкары элдерден ортомчу издеп, казактын  мартабалуу Тезек төрөсүнө Тилекматты элчи кылып  жиберип, эки ортого калыс болуп берсе деген тилегин айттырып жүргөн кез болчу.  Деле казак дегенде Арстанбек ичкен ашын жерге койгон  акылгөйлөрдүн бири эле. Кандай болгондо да  казак, кыргыз бириксек, бир жеңден кол чыгарсак  деп санаасы санга кетип  какшаган  дал ушу Арстанбек эле. Бул ойду Боронбай бийге нечен жолу айтты. Ошону менен бирге азуусун айга жанган, жүргүзгөн сурагы узун менен кыскага тегиз тараган орустун паашасына  жакындасак кантет деген Боромбай тараткан пикирге  караманча-каршы турган да ушу Арстанбек болду. Кене хан баштаган казактардын чүйлүк солтолорго, тынайларга,  Кемин менен кочкорлук сарбагыштарга жортуулу, ошол эле казактардын акылгөйлөрүнүн айтканына көнбөй кыргызга  кыргын салганы, акыры жүрүп ошол кыргыздардын колунан иниси Ноорузбай баатыр экөө ажал таап, акыры кара башын жегени, сөөгү ээн талаада сөпөт болгону  Арстанбектин дагы бир арманы, күйүтү го. Казак менен кыргыздын жаңжалы кандайынан караганда да алгылыксыз иш, эки элдин келечегине жасалган душмандык, карасанатай кастык деп санады Арстанбек.

Ошол казак менен кыргыздын жаңжалы тынчып, кайра мурунку мамилелер ордуна келе баштаган мезгилде илгертен бери келаткан акындардын айтышы, балбандардын күрөшү да жанданды. Ошол кезде көлдүн башында, Түптө, Аалыбай деген манаптын  ашы болуп, ага  казактын Тезек төрөсү, кыргыздан кадимки Чоң Ормон, Жантай баштаган жакшылары чакырылды. Демейде, мындай чоң аштарга эл башылардан тышкары ат оюнунун мыктылары, эр оодарыш менен күрөштүн дааналары, топ жарган көкбөрүчүлөр  сөзсүз катышчу. Илгертен сөз кадырын, ыр кадырын билген кыргыз менен казактын той-аштарында атактуу акындар катышканы адаттагы көрүнүш эле. Түпкө казактардан Тезек төрөнү коштоп, даңкы далайга кеткен Сүйүнбай ырчы келди. Ал эми кыргыз тараптан ашка келгендердин арасында Арстанбек ак таңдай жүрдү. Деле ал кезде кандай гана аш же көп эл катышкан маараке болбосун,  Арстанбексиз өтчү эмес, ал аш-тойлордун  эң кадырлуу коногу саналчу. Ошол себептен жалаң төрөлөр менен манаптар катар отурган ак өргөдө эки даңазауу ырчынын катышып отурганы кимдин да болсо ышкысын козгоп, шарттан пайдаланып бир айтыштырып алсак деп кызыкканы түшүнүктүү нерсе го.

Ар кандай сыпайгерчилик сөздөр айтылып бүтүп, аман-эсенчиликтер суралып бүткөндөн кийин Тезек төрөнү жандап келген Бөлтүрүк аттуу казак төрө Сүйүнбайга карап:

– Кана жыраум, сүйлөй отыр енди, кызыл тилди бүлөй отыр, – десе болобу. Ошондо Сүйүмбай конок кылып отурган кыргыз манаптарын ырчылыктын байыртан келаткан салтын сактап, Ормон менен Жантайды, Байтик баатырды, дагы калгандарын көтөрө чалып мактап өттү:

Ассалом алейкум, бурадарым,кыргыздарым,
Ай-күнгө тете болган жулдуздарым.
Силерди аңсап келдим ат арытып,
Жүрөк акын Сүйүмбай ыр бастагын,
Таскак уруп, аргымактай бой тастагын,
Хан Ормон, Кара Байтик, баатыр Жантай,
Бармысың мал-жан аман, жайың калай?
Кара жок бир ишинде оңшей хансың,
Баркыңды айта берсем сөз жетмейди,
Бааңды салмактасам пул жетмейди,
Ар бириң ат көтөрмес албан жансың,
Аркы атаң эр Атаке, баатыр Жантай
Басыңа кийдиң бөрү кызыл алтай, – деп кызыл тилин бүлөдү  Сүйүнбай.

Баштаганын жакшы баштаса да, бирок тез эле кыргыз тарапка кыр көрсөтүп, үстөмөндөгүсү келгендей сүйлөп кетти Сүйүнбай. Конок кишиге катуу айтыш жарабайт деп, отургандардын баары карап калган Арстанбек бир кыйлага чейин тек гана комуз чертип, дароо жооп кайтарбады. Кыргыз менен казактын ортосуна от жаккан ким болсо да душманым деп санаган акын ыгы жок шылдың сөзгө өтүп кеткен Сүйүнбайды ордуна коюуга аргасыз болду.

Оо, Сүйүмбай, токтогун,
Алсыздын сөзүн козгодуң.
Мойнуңа көлбар асынып,
Алакан жайган таз белең,
Ырчылыгың пас белең?
Кечээ Аалыбайдын ашында,
Кан Боронбай башында,
Акылмандар кашында
Бел жорутпай байге алып,
Сен кыныгып калган окшодуң,
Ээ, Экейден чыккан Сүйүмбай,
Айткан сөзүң куюндай,
Бөлөктү көрбө буюмдай.
Келе сала бер дейсиң

Калганбы напсиң тыйылбай, ж.у.с. деп ак таңдай  жаңы кызып келгенде, айтыш туура эмес жакка кетип баратканын байкаган  кексе Боронбай бий дароо колун көтөрүп, эки ырчыны “жетет эми” дегендей ишаарат менен тык токтотуп койду. Ошону менен айтыш ойдогудай кызыбай, орто жолдо үзүлүп тынды. Кытыр сөздүн кыргыз менен казакка эч бир кереги жогун түшүнгөн жакшылар бере турган байгени тең бөлүп, экинчи мындай айтыштарга орун бербей турган болушту.

Арстанбек эң эле сыйлаган казактын акыны Каңтарбай эле. Анын себеби Каңтарбай киши катары да, акын катары да казактын талаасындай кенен пейили бар, кекчил эмес, кекээрчил да эмес, кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон жайдары адам эле. Арстанбектин орошон талантына, Кокон менен Анжиянга чейин кадыры бар ырчыга  таазим эткен Каңтарбай Арстанбек айтышты баштап, жаңы  төгүп баштаганда эле:

– Ой-бай оу, мен жоуп бермей–ак койдум, жеңилдим,– деп  ордунан туруп кетти. Чын-чынына келгенде Каңтарбай өзү курдуу нечен жырауларды жыккан, кыргыз менен казакка бирдей барктуу, кадырлуу акын эле. Айтыш баштала электе “жеңилдим” дегени Каңтарбайдын кыргыздын улуу ырчысына сыйы, урматы, талантына таазими
болчу.

Арстанбек менен айтышкан улуу, кичүү акындардын ичинен анын эсинде көпкө
чейин калганы Жеңижок  эле. Атайын Аксыдан ат арытып Каркырага келген Көкө уулу  Жеңижок Арстанбек үчүн сый да, сыймык да эле. Жеңижок аттан өзү түшүп, Арстанбектин өргөсүнө баш бакканда, акын эс алууга жаңы эле кынтайып, көрпө ичигин оронуп төрдө жаткан болчу. Жеңижок ага маани бербей, комузун колго алып, акындыктын абалтан келаткан салты менен ирегеден эле ырдап учурашты. Ошондо ордунан атып тура калган Арстанбек мандайында жөнөкөй адам эмес, кадимки өтө ырчы, башкача айтканда, Жеңижок турганын билди. Кучакташып көрүшүп,  атактуу ырчыны жакын тууганындай, жаны бирге боордошундай кабыл алды Арстанбек. Анын үстүнө Аксы дегенде Арстанбек дароо Алымбек датканы эстеди, Аулетимди эстеди.  Аулетимди эстегенде дале болсо жарасы айыга элек сүйүүсү – айдай сулуу Пазилат көзүнө тартылды. Ошон үчүн Жеңижокту бооруна кыс-канда, аргасыздан Пача-Атанын көк кашка суусун, андагы Алымбек датканын аброюна куп жарашкан аксылыктардын меймандос-тугун эстебей кое албады.

Ошол арада ак таңдайдын муундары сыздатып ооруп, ашказанына тамак сиңбей, кичине эле майлуу тамак жесе окшуп, айласыздан жалаң мүнөз тамакка отурган кези эле.

Жеңижок Каркырадагы Арстанбек акындын ирегесин аттаганда көрпө ичикке оронуп, кыймылсыз жатканы, каалагандай тосо албаганы  ошодон эле.

Урмат менен тоспойт деп,
Таарынба, балам, Жеңижок!
Калк алдында шаңшыган,
Кар суусундай ташыган.
Тоо суусундай ташыган.
Абаңдын булкунуп турчу күчү жок!
Ааламга жайым айтарсың.
Азыр ак саргыл өңүм азыңкы,
Алибеттүү денем басыңкы.
Балам, алдага айтар арзым бар!
Алда качан башталган,
Арылбай жүргөн дартым бар.
Ажалдан алыс качсам да,
Азирейил жалаңкыч,
Алды, артымдан аймалап,
Айламды жаман кетирди.
Айласыз эсер эсирди.
Абаңдын булкунуп турчу күчү жок!
Арстандай сүрү жок,
Ак маралдай түрү жок.
Ак ботодой жүнү жок,
Аркырап акчу күнү жок.
Таң алдында сайраган,
Таңшып үнүн кайрыган.
Булбул өңдүү доошу жок,
Алсырап барам күндөн-күн,
Абаңдын аман болор түрү жок.

– Эл-журт аман-эсенби, аксылык туугандар тынч-аман турушабы?

– Кудаага шүкүр, Арстанбек ага, эл-журт эсен. Менин аркага кетип атканымды уккан тууган-уруктар, сиздин аты–жөнүңүздү билгендер акын агаңды көрсөң, бизден сагынычтуу салам-дуба айт дешти. – Жеңижок нака анжияндык кыргыздарча колун бооруна алып, ашкере кичи пейилдик, сыпаалык менен  жооп берип жатты.

– Сизди Анжияндын кыргыздары эч бир унута элек, атаганат келип калаар бекен кайрылып дегендер да көп, Арстан аке.

“Унунта элек” деген сөздү укканда, бул кеп кулагына башкача угулуп, жүрөгүнө өтө терен из салып койгон бир адамдан да салам дуба уккандай сезилип  кетти Арстанбекке… Эки-үч жолу кайталап Жеңижок ырчыдан Аулетимди сурады, Пача-Атаны сурады.  Пазилаттын кабарын бир сурап көрсөмбү деп, оозун сомдоп барып,  бирок тартынды, унчукпады… Пазилат берген ак шайы жоолук дале болсо жанында эле. Аны атайын жаныма медер болсун дегенчелик кылып, ар дайым көйнөгүнүн ичинен белине байлап жүрчү. Пазилат “мени унутканда отко салып, өрттөп жибер” деген сөзү эсте го, бирок алигиче эч нерсеси унутулбаса, ар дайым жүрөктүн толтосунда турса кантип жоолукту өрттөп салмак эле?

Эртеси күнү акындыктын кадимден калган салтын улап, жайлоого чогуу чыккан эл–журтту айыл четиндеги кичинекей дөңсөөгө чогултуп, Арстанбек Жеңижокко кезек берди. “Айтышаарга теңи жок” аксылык акын чай кайнамча санат айтты, зоо-таш, жан-жаныбар, жер-суудан баштап, аккан сууга чейин жаңшады. Чынында да аксылык даа-наны, “айтышаарга теңи жок” ак таңдайды  уккан да, укпаган да арманда эле.

Ааламга айттың далай кеп.
Эсенби, абам, Арстанбек,
Элге айттың далай кеп.
Нуска сөзүн уксам деп.
Буйлаштын уулу Арстанбек,
Бүткүл кыргыз чогулса,
Булбул болуп сайрадың,
Бурап тилиң кайрадың.
Бурадар ишке барбадың.
Боомдон урган шамалдай
Бурулбай сөзүң айдадың.
Карала сакал болупсуң,
Каралап келдим өзүңө,
Кадоо салгын сөзүмө.
Ырчылыгым жок болсо,
Жаш экен деп санабай,
Көңүлүмө карабай,
Тике айткын көзүмө
Калк ырчысы Арстанбек,
Кабарыңды көп уктум.
Анжиян, Кокон аралап,
Алымбекти пааналап.
Ырдап кеткен деп уктум
Кокон хандын ордодо,
Коно жүрүп бир жылча,
Ордо толо ырчыны,
Сындап кеткен деп уктум.
Омурткасын омкоруп,
Озуп кеткен деп уктум.
Карыядан кеп уктум,
Кадими ырчы деп уктум.
Аксакалдан көп уктум.
Артык ырчы деп уктум.
Өзгөлөрдөн кеп уктум,
Өзгөчө ырчы деп уктум
Ошондон улам келгемин,
Аксы деген жерденмин.
Айтып бүттүм болгонун,
Атактын кантип конгонун.
Калганын өзүң талдап бер,
Жаман, жакшы болгонун?.. ,

Арстанбек Жеңижок ырчынын талантына там берип, чынында да дабаанда жок төкмө экенине көзү жетип, бирок атайын Аксыдан бир ооз болсо да кеңеш угайын, нуска сөзүн тыңшайын  деп келген дагы бир кыргыздын залкарына чын пикирин айтып, негизинен колдоп, ак батасын бергенге камынды. Бата берип атып, кадимки  Калыгул олуянын ага берген батасын эстеди, өмүр деген Жеңижок айтып бүтпөгөн аккан суу экенин ойлоду. Бир кезде сындатам деп Эки Наарындан Көтмалдыга барганын эстеди, эми мына өзү жаңы муундун ак таңдайына бата берип, ак жол каалап турганын
сезди.

Чогулган эл эми Арстанбек эмне айтаар экен деп  күтүп калганын көрүп, адатынча кары күүлөрдөн бир–экөөнү кайырды. Андан соң кадимки абанына салып, Жеңижокко ак дилинен куттуу болсун айтты:

Ырчы балам, Жеңижок,
Сенде ырчылыктын кеми жок!
Ырдасаң сөзүң нар экен,
Түбү терең ор экен.
Сени менен беттешкен,
Ырчылардын шору экен.
Айт дедиң айтып калайын,
Комуз күүсүн черткенде,
Так келтире албаган,
Тайкылыгың бар экен.
Термелтип колду бош таштап,
Жандырып ийип күүңдү,
Жаздырган жайын бар экен.
Санат сөзүң сан экен,
Сайраган жайың бар экен.
Санжырага келгенде,
Уруулардын тарыхын,
Он, Сол кыргыз канатын,
Ундай элеп айтпаган,
Сылтыган жериң бар экен.
Аттиң, балам, Жеңижок,
Пейлимден чыккан сөз эмес.
Периштелер айт деди.
Эгемдин берген белгисин.
Айтпай коёр эрким жок.
Көксулууну алам деп,
Каргышка калып калыпсың.
Артыңан бала ээрчибей,
Көңүлүң толкуп телчибей,
Бир ташы кем шум дүйнө,
Арман толоор ичиң чок,
Кабатыр болбо сөзүмө,
Тоодой мүшкүл түшсө да,
Томуктай кылып көтөрөт.
Таң калам адам күчүнө!
Шаймерден сени колдосун
Барбардигер кудурет,
Пааналап ишиң оңдосун.
Камбаркан Баба кол берсин,
Кыдыр даарып, жол берсин!

Бул Арстанбектин акыркы айтышы, тагыраак айтканда, купулуна толук арзыган экинчи бир акынга берген  акыркы  баасы да, ак батасы эле… Улуу ырчынын багына замандын оңоло турган түрү байкалбай, баары тескери кетип туруп алды. Баарынан да  касиеттүү  ак Бугудан тараган бугу журту  сарбагыштын Ормону менен кызыл кереге болуп чабышабыз, кордугуна, опузасына эми эч  бир  чыдабайбыз дегени Арстанбек үчүн  эгерим  макул болбой турган, кайнаса каны кошулбай турган иш болду.  Кырк уруу кыргызга мурунку замандагы Солто менен Сарбагыштын урушу эле жетпейби, ошондогу кыргын бизге сабак болбойбу деп Арстанбек  көл жээгиндеги, көлдүн күңгөй, тескейиндеги билермандардын бет келгендеринин баарына кулак кагыш кылды, бирок  ар кайсы талаш-тартыштан улам бири-бирине айыгышып калган эки тайпанын кагылышын токтотууга эч кимдин каруусу келбеди.

(Уландысы бар)

Осмонакун ИБРАИМОВ

 

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар