ТИМ: БАЭдеги мейманканалардан чыгарылып жаткан жарандар үчүн нускама

0
5653

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарындагы жарандар үчүн атайын нускама таратты.

Министрликтин маалыматына ылайык, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги мейманканаларга коноктордун жашоо мөөнөтүн акысыз узартуу боюнча көрсөтмө берген. Эгер сизди мейманканадан чыгарып жатышса же чыгарууга камынып жатышса, төмөнкү аракеттерди көрүү сунушталат:

Негизги сунуштар:

  • Тынчтыкты сактаңыз. Кабыл алуу бөлүмүнө же менеджерге БАЭнин компетенттүү органдарынын директивасына ылайык, чектөөлөр маалында коноктордун жашоо мөөнөтү акысыз узартылышы керек экенин сылык түшүндүрүңүз.
  • Бөлмөнү өз ыктыярыңыз менен бошотпоңуз. Сизге башка жай сунушталмайынча же негиздүү түшүндүрмө берилмейинче бөлмөдөн чыкпаңыз жана эч кандай документтерге кол койбоңуз.
  • Жооптуу адамды чакырууну талап кылыңыз. Нөөмөтчү менеджерди (duty manager) же мейманкананын башкаруучусун (hotel manager) чакырууну сураныңыз. Өтүнүчүңүздү расмий журналга каттоону талап кылыңыз.
  • Кысым болсо — полиция чакырыңыз. Полициянын номери: 999. Эгер мейманкана чыгарып салууга аракет кылса, полицияны чакырууну талап кылыңыз же өзүңүз чалыңыз.
  • Өз эсебиңизден төлөбөңүз. Өз алдынча төлөнгөн каражаттар көп учурда кайтарылбайт.
  • Бардык жагдайды каттаңыз. Мейманкананын аталышын, кызматкерлердин аттарын, билдирүүлөрдү, эсеп-фактураларды сүрөткө же видеого тартып сактаңыз.
  • Дароо дипломатиялык өкүлчүлүккө кабарлаңыз. Төмөнкү маалыматтарды бериңиз: мейманкананын аталышы, дареги, бөлмө номери, аты-жөнүңүз, байланыш номериңиз, жаныңыздагы адамдардын саны (балдар/карылар) жана мейманкананын талабы.

Эгер сизди чыгарып жиберишсе, полиция келгенге чейин мүмкүн болушунча мейманкананын аймагында болуңуз жана дароо Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелерине кайрылыңыз.

Байланыш телефондору (күнү-түнү):

  • +971 52 291 8840
  • +971 52 222 5269

Англис тилиндеги кыска билдирүү:

I am a stranded guest due to the current situation and flight disruptions. UAE authorities instructed hotels to extend guests’ stay free of charge. Please escalate this to the duty manager. If you insist on eviction, please call the police so the matter can be officially recorded.

(Кыргызча мааниси: Мен түзүлгөн кырдаалга жана авиакаттамдардын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу кыйын абалда калган конокмун. БАЭ бийлиги мейманканаларга коноктордун жашоо мөөнөтүн акысыз узартууну тапшырган. Бул маселени нөөмөтчү менеджерге жеткириңиз. Эгер мени чыгарууну талап кылсаңыз, кырдаал расмий катталышы үчүн полиция чакырыңыз.)

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз