Борбор Азия өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасашты

0
1985

Жакынкы Чыгышта аскердик аракеттердин башталышы жана Ирандын айланасындагы кырдаалдын курчушу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилиги расмий позициясын билдирди.

Казакстан

Касым-Жомарт Токаев Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян жана Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эмирликтердин жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүдө Токаев жаңжалдын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирип, Казакстан БАЭни достук жана боордош өлкө катары карай турганын белгиледи. Зарыл болгон учурда колдон келген жардамды көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Катардын эмири менен сүйлөшүүдө да аймактагы кырдаалга байланыштуу тынчсыздануу билдирилип, эки тарап стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого берилгендигин ырастады.

Өзбекстан

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги аймактагы аскердик кырдаал кеңири масштабдагы чыңалууга алып келиши мүмкүн экенине олуттуу тынчсыздануусун билдирди.

Расмий Ташкент бардык тараптарды сабырдуулукка чакырып, аскердик-саясий жана гуманитардык кесепеттери алдын ала божомолдоого кыйын болгон кадамдардан карманууга үндөдү. Өзбекстан кризисти эл аралык укуктун негизинде, саясий-дипломатиялык ыкмалар аркылуу жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи.

Тажикстан

Эмомали Рахмон Ирандын президенти Масуд Пезешкианга өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи жана бир катар расмий адамдардын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

Тажик тарап Хаменеинин эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдөгү ролун белгилеп, тажик эли Иран менен тилектеш экенин билдирди.

Мындан мурда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги окуяга карата терең тынчсыздануу билдирип, бардык талаш-тартыштар БУУнун Уставынын алкагында сүйлөшүү жолу менен чечилиши керектигин айткан.

Кыргызстан

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да аймактагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу билдирүү жасап, чыңалуунун өсүшүнө терең тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын маалымдады.

Расмий Бишкек тараптарды максималдуу сабырдуулукка, аскердик аракеттерди токтоосуз токтотууга жана конструктивдүү диалогго кайтууга чакырды. Кыргызстан БУУнун Уставын жана эл аралык укуктун нормаларын так сактоо зарылдыгын белгиледи.

Түркмөнстан

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча Ирандагы жана жалпы Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Аймактагы абал

Израил менен АКШнын Иранга каршы аскердик операциясы 28-февралда башталган. Жооп иретинде Иран Израилди жана аймактагы башка өлкөлөрдү бутага алганын билдирген.

Бириккен Араб Эмирликтеринин Коргоо министрлиги 2026-жылдын 28-февралынан бери абадан коргонуу күчтөрү 167 ракета жана 541 учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн маалымдады. 35 дрон өлкө аймагына кулап, материалдык зыян келтирген. Пакистан, Непал жана Бангладеш жарандыгы бар үч адам каза болуп, 58 киши ар кандай деңгээлде жараат алган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз