АКШ жана Иран сүйлөшүүгө келе элек

0
1974

АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик аракеттер улантыларын билдирип, жаңжал болжол менен төрт жумага созулушу мүмкүн экенин айтты. Ошол эле учурда ал Тегеранда бийликте калган өкүлдөр менен сүйлөшүүлөр үчүн мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Бирок, Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы Али Ларижани Вашингтон менен сүйлөшүүлөр болбой турганын X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө жазды. «Бүгүн Иран эли өзүн коргоп жатат», — деп белгиледи ал.

Трамп өз кайрылуусунда Ирандын коопсуздук түзүмдөрүнүн жетекчилерине, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусуна, куралдуу күчтөргө жана полицияга куралды таштоого чакырык таштап, антпесе катуу жооп болорун эскерткен.

Эскерте кетсек, АКШ менен Израил 28-февралда Иран аймагына биргелешкен аба соккуларын жасаган. Тегеран жооп катары Перс булуңундагы бир катар өлкөлөрдөгү АКШнын аскердик базаларына чабуул жасаган.

Маалыматтарга ылайык, Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи Тегеранга жасалган соккудан каза болгон. Анын өлүмүнө байланыштуу өлкөдө кырк күндүк аза күтүү жарыяланган. Хаменеи өлтүрүлгөндөн кийин өлкөнү убактылуу башкаруу милдети президент Масуд Пезешкиан, сот бийлигинин башчысы жана Конституцияны коргоо кеңешинин өкүлүнөн турган топко жүктөлгөнү кабарланды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз