Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес АКШ менен Израилдин Иранга карата аскерий интервенциясы БУУнун Уставы жана эл аралык укук менен негизделбегенин билдирди.
Ал бул тууралуу Euronews телеканалынын Europe Today программасына берген маегинде айтты. Министрдин айтымында, АКШ жана Израилдин “бир тараптуу аракеттери” БУУнун Уставына да, эл аралык укуктун нормаларына да туура келбейт.
Ошол эле учурда Альбарес Ирандын Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөргө жасаган жооп соккуларын да “акталгыс” деп баалап, чыңалуунун кооптуу деңгээлге жеткенин белгиледи. Ал Европа Биримдигин кырдаалда “акыл-эстин үнү” болууга чакырды.
«Биз иран режиминин адам укуктарын бузган ар бир аракетин айыптайбыз жана Иран эли менен тилектешпиз. Биз алардын эркиндигин коргоону каалайбыз», — деди ал.
Ошону менен бирге министр жаңжал аймактык деңгээлге жайылып жаткан шартта Испания жана Европа Биримдиги деэскалацияга жана сүйлөшүүлөргө кайтууга көмөктөшүшү керектигин белгиледи.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес — Евробиримдиктеги лидерлердин ичинен ишемби күнкү американо-израилдик соккуларды ачык сындаган жалгыз жетекчи экени белгиленди. Анын өкмөтү АКШ президенти Дональд Трамп жүргүзүп жаткан интервенциялык тышкы саясатты жана Израилдин Газадагы согушун кескин сынга алган позициясы менен белгилүү.
«Зомбулук тынчтыкка алып келбейт. Ошол эле учурда туруктуулук менен демократия да күч колдонуу аркылуу орнобойт. Биз чыңалууну азайтууга жана сүйлөшүүлөр столуна кайтууга аракет кылабыз», — деди Альбарес.
Тегеран болсо бомбалоолор уланып жаткан шартта АКШ менен сүйлөшүүлөргө кайтуудан баш тартарын билдирди.


