Кыргызстандан акиташ-ракушечникти экспорттоого убактылуу тыюу салынды

0
3441

Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же казылып алынган иштетилбеген же одоно майдаланган, ошондой эле тик бурчтуу же чарчы формадагы блокторго жана такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти өлкөдөн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды.

Чектөө ЕАЭБ ТЭИ ТН 2515 11 000 0 жана 2515 12 000 0 коддору менен классификацияланган продукцияларга тиешелүү болуп, алты айлык мөөнөткө киргизилди.

Тиешелүү чечимге Адылбек Касымалиев кол койгон.

Министрлер кабинети тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган товарларды мыйзамсыз алып чыгуунун алдын алуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Бул чечим ички рынокту чийки зат менен камсыз кылуу, кайра иштетүү тармагын колдоо жана стратегиялык ресурстарды сактоо максатында кабыл алынганы белгиленүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз