АКШ Сенаты Трамптын Иранга сокку уруусун чектөө боюнча резолюцияны четке какты

АКШ Сенаты президенттин аскердик ыйгарым укуктарын чектөө боюнча резолюцияны көпчүлүк добуш менен кабыл алган жок. Маалыматка ылайык, резолюцияга каршы 52 сенатор добуш берип, 47 сенатор колдогон. Каршы добуш бергендердин арасында негизинен республикачылар жана бир демократ сенатор болгон.

The New York Times басылмасынын жазышынча, бул демократ сенаторлордун Дональд Трампты Конгресстин макулдугусуз Иранга сокку уруудан тыюу салууга багытталган төртүнчү аракети болду.

Добуш берүүнүн алдында айрым республикачылар Жакынкы Чыгыштагы операциянын узакка созулуп жатканына нааразычылыгын билдиришкен. Алар конфликттин экономикалык кесепеттери, айрыкча күйүүчү майдын баасы шайлоочуларды тынчсыздандырып жатканын белгилешти.

Сенатор Джош Хоули согушту жыйынтыктоо боюнча стратегия иштеп чыгуу зарылдыгын айтып, бул улуттук коопсуздукту сактоо жана күйүүчү май баасын төмөндөтүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз