Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта Airbus компаниясынын Европа боюнча президенти Йохан Пелиссье жана BBAM Aircraft Leasing & Management компаниясынын улук вице-президенти Морис Прендергаст менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө авиациялык паркты жаңы учактар менен кеңейтүү жана жарандык авиация тармагындагы кызматташууну бекемдөө маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Кыргызстан Airbus компаниясы менен өз ара пайдалуу жана натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, бүгүн кол коюлган келишим мунун айкын далили экенин айтты.
Президенттин айтымында, бул келишим өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүүгө, ташуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, учуулардын коопсуздугун бекемдөөгө жана аба каттамдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө маанилүү салым кошот.
Ошондой эле Садыр Жапаров акыркы жылдары өлкөнүн авиация тармагы динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, аэропорт инфратүзүмдөрүн модернизациялоо, аймактык каттамдарды кеңейтүү жана авиациялык системаны эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү багытында ири иштер жүргүзүлдү. Эгер мурда өлкөдө төрт гана аэропорт толук кандуу иштеп келсе, учурда Кыргызстандагы бардык 11 аэропорт иштеп жатат. Мындан тышкары, Жалал-Абад эл аралык аэропорту курулуп жатат.
Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстан авиациялык коопсуздук боюнча Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу процессинин акыркы баскычында турганын айтып, акыркы аудит ушул айга пландалганын билдирди. Ал компания өкүлдөрүнө бул багытта колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу менен кайрылды.
Өз кезегинде Йохан Пелиссье Кыргызстанда авиация тармагын өнүктүрүү боюнча жетишилген жыйынтыктарга жогору баа берди. Ал авиацияны модернизациялоо жана коопсуздукту жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди белгилеп, коммерциялык авиациядан тышкары транспорт жана логистика тармактарында да кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ал ошондой эле Кыргызстан Европа Биримдиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан аудиттин жыйынтыктоочу баскычында турганын кубануу менен кабыл алганын жана бул маселеде керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
Ал эми Морис Прендергаст Кыргызстан сатып алып жаткан учактар эл аралык стандарттарга толук жооп берерин белгилеп, компаниянын адистери жаңы учактардын операциялык системаларын жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн өлкөгө келерин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар авиация тармагындагы өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташууну мындан ары да улантууга даяр экенин ырасташты.


