Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында “Кыргызстан аэропорттору” ААК менен BBAM Aircraft Leasing & Management компаниясынын ортосунда эки даана Airbus A321ceo учагын сатып алуу боюнча келишимге кол коюу аземи болуп өттү.
Келишимге “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана BBAM Aircraft Leasing & Management компаниясынын башкы директору Стив Зиссис кол коюшту.
Салтанатта сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев бул макулдашуу эки тараптын ишенимине, ачык диалогго жана узак мөөнөттүү кызматташууга негизделгенин белгиледи. Анын айтымында, заманбап жана натыйжалуу учактарды колдонуу өлкөнүн жарандык авиация тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт.
Касымалиев акыркы жылдары авиация тармагында олуттуу өзгөрүүлөр башталганын айтып, бул багыттагы реформалар Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынган стратегиялык чечимдер менен байланыштуу экенин кошумчалады. Анын алкагында Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги түзүлгөн.
Маалыматка ылайык, 2021–2025-жылдар аралыгында өлкөнүн аэропортторунда тейленген ички жана тышкы каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн саны 52 пайызга өсүп, аткарылган аба каттамдары 53 пайызга көбөйгөн. Ошондой эле мурда өлкөдө беш гана аэропорт иштеп келсе, учурда Кыргызстандагы бардык аэропорттор толук иш алып барууда.
Мындан тышкары, 2023–2024-жылдары Эл аралык жарандык авиация уюму жүргүзгөн аудиттердин жыйынтыгында Кыргызстандын авиациялык тутуму эл аралык стандарттарга шайкеш экени тастыкталган. Акыркы текшерүүнүн жыйынтыгында авиациялык коопсуздуктун натыйжалуулук көрсөткүчү 85,76 пайызды түзгөн.
Ал эми Airbus компаниясынын өкүлү Йохан Пелиссье Кыргызстан менен авиация тармагында кызматташууну мындан ары да улантууга даяр экенин билдирди.
Белгиленгендей, эки даана Airbus A321ceo учагын Кыргызстанга өткөрүп берүү 2026-жылдын аягына пландалууда. Учактарды сатып алуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын туунду компаниясы болгон Asman Airlines улуттук авиакомпаниясын колдоого, жүргүнчүлөр үчүн шарттарды жакшыртууга жана жаңы эл аралык каттамдарды ачууга багытталган.

