Евробиримдик 2027-жылга чейин Орусиянын газынан баш тартууну пландап жатат

0
1775

Евробиримдик 2027-жылга чейин Орусиядан газ сатып алууну толугу менен токтотууну пландап жатат. Бул чечимге байланыштуу Владимир Путин Москва Евробиримдикке газ жеткирүүнү андан да эрте токтотуу пайдалуу болушу мүмкүн экенин эскертти.

Орусия президенти мамлекеттик маалымат каражаттарына берген маегинде эгер Европа баары бир жакын арада газ сатып алууну токтотсо, анда Москва өзү эле жеткирүүнү токтотуп, башка ишенимдүү өнөктөш өлкөлөргө багыт алышы мүмкүн экенин белгиледи. Бирок ал бул азырынча расмий чечим эмес, жөн гана ой жүгүртүү экенин кошумчалады.

Анын айтымында, бул маселе өкмөт жана энергетикалык компаниялар менен бирге кошумча талкууланат. Маалыматтарга караганда, 2025-жылы Орусиядан Евробиримдикке газ экспорту 44%га азайып, 18 миллиард куб метрге чейин түшкөн. Бул 1970-жылдардан бери эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет. Ошого карабастан, Орусия суюлтулган жаратылыш газын жеткирүү боюнча Европага ири жеткирүүчүлөрдүн бири бойдон калган.

Газдын бир бөлүгү танкерлер аркылуу суюлтулган жаратылыш газы катары жеткирилсе, түтүк аркылуу келген газ негизинен Турция аркылуу ташылууда.

Евробиримдиктин планы боюнча:

  • 2026-жылдын 25-апрелинен тарта кыска мөөнөттүү келишимдер менен СПГ импорттоого тыюу салынат;
  • 17-июндан тарта түтүк аркылуу газ жеткирүүгө кыска мөөнөттүү келишимдер токтотулат;
  • 2027-жылдын 1-январынан тарта орус СПГсин сатып алууга толук тыюу кирет;
  • 2027-жылдын 30-сентябрынан тарта түтүк аркылуу келген газ да толук токтотулат.

Ошол эле учурда бул мөөнөт 2027-жылдын 1-ноябрына чейин жылдырылышы мүмкүн. Эгер кышка чейин газ кампаларын толтурууда кыйынчылыктар жаралса, Евробиримдик бул графикти кайра карап чыгышы ыктымал.

Акыркы күндөрү Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга байланыштуу дүйнөдө газ баасы кескин өсүп кетти. Айрыкча Ормузский пролив аймагындагы деңиз каттамдарынын чектелиши жана Иран менен байланышкан окуялар энергетикалык рынокко таасир этти.

Бул чечимге бардык өлкөлөр макул болгон жок. Венгрия жана Словакия орус энергия ресурстарынан баш тартууга каршы чыгып, алардын экономикасы бул жеткирүүлөргө көз каранды экенин билдиришти.

Евробиримдик болсо энергетикалык көз карандылыкты азайтуу жана жаңы жеткирүүчүлөрдү табуу багытында иш алып барууну улантууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз