АКШ Сенатындагы республикачылар президент Donald Trumpтын Иранга каршы жаңы аскердик операцияларды жүргүзүү ыйгарым укуктарын чектөөнү караган резолюцияны колдобой коюшту. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 47 сенатор колдоп, 53 сенатор каршы добуш берди.
Эгер резолюция кабыл алынганда, президент Иранга каршы жаңы чабуулдарды жүргүзүү үчүн Конгресстин расмий уруксатын алууга милдеттүү болмок. Бирок документ колдоо тапкан жок.
Бул чечим Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп турган маалда кабыл алынды. АКШнын коргоо министри Pete Hegseth согуш операциялары мурда пландалгандан узакка созулушу мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, операция дагы сегиз жумага чейин улануусу ыктымал.
Акыркы күндөрү Иран менен Израиль ортосундагы кагылышуулар күчөдү. Иран түн ичинде Израилге ракета соккуларын жасаса, Израилдин армиясы Тегерандагы объектилерге чабуулдарды улантууда. Ошондой эле Израил армиясы Ливандагы «Хезболла» кыймылынын позицияларына сокку урганын билдирди.
Маалыматтарга караганда, согуш башталгандан бери Иранда миңден ашуун адам каза болуп, Ливанда 70тен ашык, Израилде ондон ашык адам набыт болгон.
Кагылышуулар аймактагы энергетикалык жана транспорттук тармактарга да таасир этүүдө. Мунай жана газ жеткирүүлөрү үзгүлтүккө учурап, айрым өлкөлөрдө аба мейкиндиги жабылып, бир катар авиакомпаниялар каттамдарын токтотту.
Мындан тышкары, Иран Ирактагы күрт күчтөрүнүн штабына ракета соккуларын жасаганын билдирди. Акыркы күндөрү айрым күрт оппозициялык топтор АКШ менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканы маалым болду.


