Бишкек–Торугарт унаа жолуна кар көчкү түштү

0
1789

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 304-чакырымында (Кара-Үңкүр тилкесинде) кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда жол убактылуу жабылган. Жол тейлөө ишканалары ыкчам техникаларды тартуу менен тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Жолдун абалы тууралуу кошумча маалымат берилери күтүлүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз