Күн мурун Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Мээримбек Койчуманов Дүйнөлүк банктын инфраструктураны каржылоо боюнча улук адиси Адити Райна баштаган миссиянын өкүлдөрү жана банктын консультанты Эркин Асрандиев менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу агенттик билдирди.
Жолугушууда төмөнкү маселелер талкууланды:
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагындагы түз сүйлөшүүлөр тууралуу жобонун долбоору;
- Бюджеттик колдоону баалоо методологиясы, ал инвестициялык жол-жоболордун ачыктыгын камсыздоого жана стратегиялык долбоорлорго сапаттуу жеке капиталды тартууга багытталган.
Ошондой эле, Мээримбек Койчуманов мамлекеттик органдар үчүн өткөрүлгөн техникалык семинардын жыйынтыктарын бөлүштү. Анда фискалдык көзөмөл механизмдери жана МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруудагы институционалдык жоопкерчилик маселелери каралган.
Жыйынтыгында тараптар Улуттук агенттик, МЖӨ борбору жана Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыкты андан ары тереңдетүү боюнча макулдашты.


