Ошто «АГРОЭКСПО-2026» эл аралык айыл чарба жарманкеси ачылды

0
1844

Бүгүн Ош шаарында «Айыл чарбасындагы инновациялар жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан ресурс үнөмдөөчү технологиялары» аталышындагы «АГРОЭКСПО-2026» эл аралык жарманкеси башталды. Бул тууралуу Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.

Жарманке айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, фермерлерди, ишкерлерди жана тармак адистерин бир аянтчага чогултуп, агрардык сектордогу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого жана кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Көргөзмөнүн негизги максаттары:

  • Айыл чарба инновацияларын жана климатка ылайык технологияларды жайылтуу;
  • Фермерлер менен камсыздоочулар ортосундагы кызматташууну бекемдөө;
  • Агрардык бизнести өнүктүрүү жана заманбап өндүрүш чечимдерин жайылтуу.

Иш-чаранын алкагында төмөнкү багыттар боюнча көргөзмөлөр жана презентациялар уюштурулган:

  • Айыл чарба техникалары жана жаңы агротехнологиялар;
  • Сапаттуу үрөндөр жана көчөттөр;
  • Көчөт тандоо жана отургузуу боюнча мастер-класстар;
  • Тамчылатып сугаруу системалары жана санарип суу платформалары;
  • Жашыл энергия жана заманбап жылытуу системалары;
  • Айыл чарбасын каржылоо мүмкүнчүлүктөрү.

Мындан тышкары, катышуучулар үчүн адистердин мастер-класстары, лотереялар, белектер, жандуу музыка жана шоу-программа уюштурулган. Жарманке эртең дагы уланат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз