Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары үч окууда каралган мыйзам долбоорлорун карап, колдоо көрсөтүштү. Алардын бири – «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору болду. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрайымы Эльвира Сурабалдиева маалымдагандай, аталган протокол Бирликтин укуктук механизмдерин күчөтүү, аныктамаларды тактоо, Комиссияга тоскоолдуктарды квалификациялоо методологиясын бекитүү жана чектөөлөрдү алып салуу ыйгарым укуктарын берүү сыяктуу 33 өзгөртүүнү камтыйт. Протокол 2014-жылдагы келишимдин күчүнө кирүүсү үчүн мамлекеттик ички жол-жоболорду ишке ашыруу максатында даярдалган.
Ошондой эле, жыйында «Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору дагы үчүнчү окууда колдоо тапты. Бул макулдашуу инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, капиталдык салымдар менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн укуктук базаны бекемдөө максатында иштелген.
Мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышы Кыргызстан үчүн экономикалык интеграцияны жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоону күчөтүүдө маанилүү кадам болуп эсептелет.


