Эдиль Байсалов Кытайда Genertec компаниясынын жетекчиси менен өнөр жай жана инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

0
12495

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдын Кытай Эл Республикасына жумушчу визити алкагында China General Technology (Group) Holding Co., Ltd. (Genertec) компаниясынын башкы директору Цуй Чжичэн менен жолугушуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы өнөр жай потенциалын өнүктүрүү, биргелешкен өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү жана чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды. Атап айтканда, жаңы өндүрүштүк линияларды ишке киргизүү жана заманбап технологияларды локализациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Э. Байсалов кыргыз тараптын өнүгүп жаткан кытайлык технологияларды жана инвестицияларды тартууга кызыкдар экенин белгилеп, бул өлкө ичинде туруктуу өнөр жай чынжырларын түзүүгө жана жергиликтүү ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Ал эми Цуй Чжичэн чет өлкөлөрдөгү, анын ичинде Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү унаа куруу, энергетика, медицина жана башка тармактардагы долбоорлор тууралуу маалымат берип, Кыргызстан менен практикалык кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар туруктуу байланыштарды сактоо жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ыкчам иштеп чыгуу максатында келечекте да кызматташтыкты улантууга макулдашышты. Бул кадам кыргыз-кытай кесиптештигинин өнүгүүсүнө жана стратегиялык өнөктөштүктүн тереңдешине өбөлгө болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз