Кыргызстан Бахрейн жана Оман өлкөлөрүнө солидардуулук билдирди

0
12638

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн жана Оман өлкөлөрүнүн тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жакынкы Чыгыштагы абал талкууланып, чыңалууну тез арада азайтуу жана тынчтыкты орнотуу багытындагы дипломатиялык аракеттерге көңүл бурулду.

МИДдин маалыматына ылайык, Кулубаев Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль Заяни менен сүйлөшүп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Бахрейн элине солидардуулук билдирди. Тараптар региондогу чыңалууну төмөндөтүү, саясий-дипломатиялык диалогду калыбына келтирүү жана тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу үчүн чараларды көрүү тууралуу макулдашты.

Андан соң Кулубаев Оман Султанатынын тышкы иштер министри Сайид Бадр бин Хамад Аль-Бусаиди менен сүйлөшүп, аймактагы актуалдуу маселелер жана алардын коопсуздукка жана туруктуулукка тийгизген таасири тууралуу пикир алмашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар бардык талаш-тартыштарды гана дипломатиялык жол менен чечүү маанилүүлүгүн баса белгилеп, региондогу кырдаалды тез арада стабилизациялоо үчүн кызматташуу зарылдыгын билдиришти.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз