Жогорку Кеңештин төрагасы Ак калпак күнү менен куттуктады

0
6967

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынын ачып жатып, Төрага Марлен Маматалиев жалпы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады. Ал кыргыз эли үчүн ак калпактын тарыхый жана руханий маанисине токтолуп: “Калпагыбыз башыбыздан түшпөй, улуттук маданиятыбыз, руханий баалуулуктарыбыз урпактан-урпакка улана берсин”, – деди Төрага.

Ошондой эле, Марлен Маматалиев келе жаткан 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоо сөзүн айтты: “Энелерибиздин мээрими, айымдарыбыздын акылмандыгы жана сабырдуулугу ар бир үй-бүлөгө жылуулук тартуулайт. Айрыкча эне деген үч тамгадан турган сөз өзүнө чоң маани камтыйт”, – деди ал.

Төрага парламенттеги айым депутаттардын мыйзам чыгаруу жаатындагы активдүүлүгүнө да токтолуп, айымдардын мамлекеттин ар тармагында жигердүү эмгектенип, өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошуп жатканын белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз